Мейерхольд Всеволод Эмильевич

Мейерхольд Всеволод Эмильевич (Карл Казимир Теодор Майергольд) 28. 01 (9.02). 1874, Пенза – 2. 02. 1940, Москва – советтик режиссёр жана актёр, Республиканын эл артисти (1923). Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайын бүтүрүп, 1898–1902-жылдары Москва көркөм театрында актёр болуп иштеген. 1902–06-жылдары «Жаңы драма театры» труппасынын актёру жана режиссёру. Ушул мезгилде Мейерхольд символизмдин поэтикасына байланыштуу шарттуу-эстетикалык театрдын программасын көтөрүп чыгат. 1917-жылы саясий-агитациячыл театр уюштуруу идеясын көтөргөн. Херсон, Николаев, Петербург ж. б. шаарда актёр жана режиссёр 1920–38-жылдары Москва театрын (Мейерхольд атындагы театр) жетектеген. Мейерхольд мамлекеттик Жогорку режиссёрдук (кийинчерээк театрдык) өнөрканаларды уюштурган, ал жерден актёрлор тобу үчүн жаңы – биомеханика ыкмасын иштеп чыккан. В. В. Маяковскийдин «Мистерия-Буфф» (1921), «Кантала» (1929) жана «Мончо» (1930), Н. Р. Эрдмандын «Мандат» (1925), А. Н. Островскийдин «Токой» (1924), Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү» (1926), А. С. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1928), А. Дюманын (уулу) «Камелия кармаган аял» (1934) ж. б. спектаклдерди койгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)