Мээнин чайкалышы

Мээнин чайкалышы баштын демейде жабык жабыркашынан пайда болот. Мында мээ заты бузулбайт, бирок нерв клеткаларынын иштеши убактылуу бузулуп, мээнин айрым бөлүктөрүнүн байланышы үзүлөт да, анын функциясынын бузулушу байкалат. Мээ чайкалганда адам эстен танат (бир нече Адамдын алдыңкы мээси эки (оң жана сол) чоң жарым шардан турат. М-нин чоң жарым шарлары ак жана боз заттан турат. Нерв талчаларынан түзүлгөн ак зат жарым шардын ичинде жайгашкан. Ал эми нерв клеткаларынан түзүлгөн боз зат жарым шардын үстүндө жайгашып, мээ кыртышын түзөт. М. кыртышынын калыңдыгы 2—5 мм. Бул эки жарым шарды узунунан кеткен терең жарака бөлүп турат.

Эки жарым шар бири-бири менен бир нече млн нерв жипчелеринен турган бириктиргич чор денече аркылуу бириктирилген. Бул бириктиргичтеги көп сандаган нерв жипчелери аркылуу жарым шарлар бири-бири менен кабарлашып, мээнин иши так жана ишенимдүү аткарылат. Жарым шарды каптаган мээ кыртышы көп сандаган буткулдарга (жылгаларга) бөлүнгөнсүп турат. Бул буткулдар мээ кыртышынын бетин чоңойтот. Алар түрдүү тереңдикте болот. Эң терең жылгалар ар бир жарым шарды маңдай, чыкый, эмгек, арткы жана аралча бөлүктөрүнө бөлөт. Мээ кыртышында эң көп борборлор орун алган. Алар функциялык өзгөчөлүгү, аткарган милдеттерине жараша мээ кыртышынын бел гилүү бөлүктөрүндө жайгашат.

Мээ кыртышындагы борборлор аркылуу чечим кабыл алынып, ар бир аткаруучу органдарга жиберилип турат. Ар бир жарым шардын тереңинде (кыртыш алдындагы) топ-топ борборлор жайгашкан. Алар эң татаал кыймыл-аракетти уюштурат жана эмоцияга жооп берет. Жарым шарлар менен нерв борборлорунун арасында ак заттан турган нерв жипчелери бар. Алар борбордук нерв системасына сырттан жана ичтен түрдүү кабарларды жеткирип турат. Ал эми мээнин бардык бөлүктөрүнүн ичинде алардын карынчасы деп аталган көңдөйлөр бар. Бул карынчалар кан тамыр чатыштары бөлүп чыгарган мээ — жүлүн суюктугу менен толгон.

Демейде бул суюктук мээ жана жүлүндүн жалтырак (кан тамырсыз) катмарынын алдына бөлүнүп чыгып, андан ары вена кан тамырына өтүп турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)