Медицина эмблемасы жана жылаан

Эң биринчи жолу чөйчөккө оролгон жылан тартылган эмблема биздин заманга чейинки 800-600-жылдары колдонула баштаган. Бул белги Гигея жана Солута деген ден соолук кудайларынын белгиси болгон. Кийинчерээк доордун өзгөрүшүнө жараша жылан оролгон күзгү, күйгөн шамга оролгон эки жылан, Жер шарынын фонунда таякка оролгон жылан болуп көп өзгөртүүлөргө дуушар болгон. Медицинада элүүгө жакын жалпы эмблема жана андан тышкары ар бир адистиктин өзүнө тиешелүү жекече эмблемасы болгон. 1948-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун биринчи ассамблеясында көгүш өңгө жер шарынын фонунда таякка оролгон жылан оливка дарагынын жалбырагына чулганып тартылган эмблеманы бүткүл дүйнөлүк медицинанын эмблемасы катары кабыл алышкан. Ал эми СССР мамлекетинин гербинин алдындагы чөйчөккө оролгон жылан эмблемасы советтик врачтын көкүрөк белгиси эле.

Кыргыз элинин Улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен медицинанын өзгөчө белгиси болгон чөйчөккө оролгон жыланды четке какпаган Кыргызстан врачтарынын жаңы эмблемасы 2001-жылы 26-ноябрда Кыргызстан врачтарынын алгачкы Конгрессинде кабыл алынды.

Эмблеманын борборунда Эркиндиктин символу болгон күндүн нурлары жана кыргыз элинин символу болуп эсептелген боз үйдүн түндүгү тартылган биздин суверендүү мамлекетибиздин желеги. Анын төмөн жагында медицинанын символу чөйчөккө оролгон жылан жайгашкан. Күндүн нурларын тегерете кыргыз жана орус тилдеринде "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосу", "Здравоохранение Кыргызской Республики" көгүш түстүн ичинде жазылган. Көгүш түс ачык асмандын түсү катары берилген.

Жылаандын медицинага болгон байланышы

Медицинанын тарыхына тыгыз байланышкан бул уламыш эл арасында кеңири айтылып жүрөт. Илгери Асклепия (Эскулап) кудайы Крит аралдарынын падышасы Миностун өлгөн баласын тирилтүүгө чакырылат. Ак сарайга бара жатса анын колундагы куу таягына жылан оролуп калган болот. Асклепия жыланды өлтүрүп таштайт. Ошол учурда башка бир жылан пайда болуп оозундагы дары чөбү менен кошо уусун тиги жыланга чачат. Алиги жылан дароо тирилет. Асклепия көргөн ыкма менен Миностун баласын тирилтет. Мына ошондон кийин куу таякка оролгон жылан медицинанын өчпөс эмблемасы болууга татыктуу болуп калат.

Элибизде илгертен эле жыланды кадырдап, ага ак чачуу салты бар. Жыландын терс гана жактарын көрбөстөн, анын акылдуу, кеменгер, дарыгерлик касиети бар экенин эл ушундан улам бааласа керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)