Мазмун жана форма

МАЗМУН ЖАНА ФОРМА ар кандай искуство чыгармасынын өз мазмуну жана формасы болот. Белинскийдин сөзү менен айтканда "форманы мазмундан ажыратуу мазмунду жок кылганга барабар же, тескерисинче, мазмунду формадан ажыратып кароо форманы жок кылганга тете". Чыгарманын мазмуну коомдук турмуштун ар кандай жактарын, адамдардын өз ара мамилелерин көрсөтөт. Мазмунду түзүп турган негизги элементтер – тема жана идея. Мазмун өзүнө ылайык келген форманы тандайт. Форма – мазмунду ачып берүүнүн каражаты. Анын негизги элементтери: сюжет, композиция, тил. Мазмун жетектөөчү ролго ээ болот да, өзүнө ылайык форманы талап кылат, бирок муну менен форманын маанисин төмөндөтүп коюуга болбойт. М. Горький форманын дал келбестиги ар кандай мазмунду бузуп коёрун айткан. Ошентип, ааламдагы бардык нерсенин, эгер ал бар нерсе болсо, ошонун тышкы жана ички көрүнүшү болот, ички маңызы – мазмун, ошол мазмундун сырткы чагылышы, белгиси – форма, ал мазмундун ажырагыс бөлүгү болот да, ар кандай мазмун белгилүү бир формасыз жашай албайт. М а з м у н дегенибиз, демек, кандайдыр бир көрүнүштүн, кубулуштун маңызы, данеги, башкы белгилери аркылуу түшүнүк берген негизи, кыскасы, сүрөттөөгө алынган турмуш чындыгы. Көркөм чыгарманын мазмуну сюжеттин составындагы окуяларда, ар кандай кырдаалдарда, каармандардын жүрүш-турушунда, аракеттеринде же алардын күрөштөрүндө түзүлөт. Адабиятта сөз кудурети менен ар кандай турмушту терең жана көп тараптуу берүүгө болот, мында мазмунду берүүдө, адам мүнөзү чечүүчү күчкө ээ. Ошол мазмунду көркөм мүнөздөрсүз ачып берүү тарыхчынын же философтун милдети, а жазуучу сөзсүз түрдө турмушту көркөм образ аркылуу чагылдырууга тийиш. Демек, образдуулук, көркөмдүк – адабиятта турмушту билүүнүн жана чагылдыруунун өзүнчө ыгы, жолу. Бул касиет мүнөздөрдө ачылат. Мүнөз болсо ар кандай адабий жанрларда, конкреттүү тилде, сюжетте, конфликтте, композицияда, портреттерде, пейзажда, лирикалык чегинүүлөрдө түзүлөт. Ошентип, көркөм чыгармадагы башкы мазмун автор окурманга жеткирмекчи болгон идея, ал эми ошол идеяны берүү үчүн пайдаланылган тил, жанр, мүнөз, сюжет, композиция, пейзаж жана башка идеяны ачуунун формалары болуп саналат. Навои турмуштун адабиятта чагылышын, берилишин жасана кийинген жаңы келген келинге салыштырат. Келиндин келин экени анын кийген поруму көрсөткөндөй эле, аскерден кайткан жигитти да аскер формасы (сырткы кийими) ким экенин дааналап турат. Ошол шөкөттөлгөн кийиминен, бетин жапкан жоолугунан келинди, формасынан аскерди ажырата билебиз, тааныйбыз, келин менен аскерди таанып билүү алардын сырткы көрүнүштөрүнөн башталат, бара бара булардын ким экендигин билип турганыбыз менен кандай адам экенин али биле элекпиз. Алардын ички маңызы, кандайчалыгы – бул мазмун, эгер ошол ички дүйнөсүн аңтара баштасак, формадан мазмунга өткөн болобуз. Форма мазмунду берүүнүн ыгы, сырткы кийими, кейпи, бир бүтүн түшүнүктү билдирип турган мазмундун курулушу, мазмундун көрүнүшү. Демек, көркөм адабияттагы форма – бул мазмунду ачып берүүгө багытталган, жанрдык-композициялык, лексикалык-стилистикалык, басымдык-ыргактык көркөм каражаттардын баарынын өз ара байланышынын жыйындысы. Мазмун жана форма өтө тыгыз биримдикте, биринин бузулушу, экөөнүн дал келбей калышы көркөм чыгарманын күчүн алсыратып, жокко чыгарат. "Мазмун – бул форманын мазмунга өтүшү, ал эми форма болсо мазмундун формага өтүшүнүн эле өзү", – деген Л. Н. Толстой. А. М. Горький болсо: "Бир нерсени жазуудан мурда мен өзүмө өзүм алдын ала үч суроо берем: эмнени жазышым керек, аны кандай жана эмне үчүн жазышым керек", – деген. Дал ошол "эмнени" жазганы – мазмун, "кандай" жазганы – форма, экөө өтмө катар чырмалышып биригет да, чыгарманы көркөм сөз өнөрү деңгээлине жеткирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)