Материалды сыноо

Материалды сыноо – материалдын технологиялык жана пайдалануу касиеттерин машина жана прибордун жардамы менен аныктоо. Материалды сыноо ар кандай максаттар үчүн – сырьёлордун касиетин аныктоо, даяр продукцияларды текшерүү, илимий из. иштери ж. б. үчүн пайдаланылат. Материалды сыноодо материалдын касиетин изилдөөнүн механикалык жана физикалык-химиялык методдору колдонулат. Кеңири мааниде материалдык сыноо механикалык сыноо – чоюу, кысуу, согуу, ийүү, толгоо ж. б., физикалык сыноо – электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүгүн, магниттик ж. б. касиеттерин аныктоо, химиялык сыноо – химиялык таасирге чыдамдуулугун аныктоо, структуралык (металлга карата металлографиялык деп аталат) сыноодо макроструктурасын (көзгө көрүнгөн түзүлүшүн), микроструктурасын (микроскоп менен көрүнгөн), кристалл структурасын (рентген нуру менен аныкталуучу) аныктоо болуп айырмаланат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)