Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Математиканын тарыхы

Баш барак | Башкалар | Математиканын тарыхы

Математиканын тарыхы кандай, качан пайда болгон, аны ким ойлоп тапкан? тарыхка саякат жасайлы анда.

Математика деген эмне? - бул жашоодогу сандык катыштар жана мейкиндик формалары жөнүндөгү илим. Математиканын, анын ыкмаларын такыр башкача, ар тараптуу түшүндүрүүлөрү бар. Математика - сөзү гректердин илимди, билимди, изилдөөнү түшүндүргөн, таанып билүүгө болгон сүйүү - деген сөздөрдөн келип чыккан.

Математиканын тарыхы

Математика кантип пайда болгон

Адамдар сүйлөөнү үйрөнүп баштаганда, саноону да үйрөнүп башташкан. Сандардын алгачкы аталыштары алгачкы сөздөр менен бир убакытта пайда болгон. Фридрих Энгельс колдордун он манжасы математиканы үйрөнүүнүн эң байыркы булагы экендигин жазган. Бизге жеткен эң байыркы математикалык иш кагаздар - бул вавилондуктардын чарбалык жазуулары. Чарбалык иш кагаздар биздин заманга чейин 6 миң жыл, тактап айтканда мындан 8 миң жыл мурдагы убакытка таандык.

Аталган убакыттан 2 миң жылга жаш болгон вавилондук ташка же ылайга жыгач менен түшүрүлгөн (клинописные) жадыбалдардан соода келишимдерине, үй чыгымдарынын жазууларына байланыштуу чарбалык эсеп-кысапты эле эмес, чыныгы математикалык тапшырмаларды да кезиктирүүгө болот. Вавилондуктардын математикасынын өнүккөн кези Самурайлар мезгилине туура келет. Бул жерден бир кыйла оор алгебралык иштерди, мисалы, квадраттык, кубдук теңдемелерди чыгарууларды жолуктурууга мүмкүн. Азыркы күндө жогоруда айтылган тапшырмаларды 10-класстын окуучулары чыгара алышат.

Математика дароо жаралган эмес. Байыркы Египетте, мисалы, алымы 1 болгон гана бөлчөк сандарды билишкен (1/2, 1/3 ,1/17, 1/298 ж. б. ). Эсептөөдө бул маселе бир топ оорчулук алып келген. Өтө алыс эмес убакыт мурда адамдар ондук бөлчөктү, аны менен иштөөнү билишкен эмес. Ондук бөлчөктү самарканддык математик Джемшид ибн Масуд аль Каши - Каши мындан 500 жыл мурун ойлоп тапкан, ойлонуп табылгандан 150 жыл өткөн соң Европага фламанддык математик Стивен киргизген. Математикада азыркы кезде да ачылыштар болууда, башка илимдер сыяктуу тынымсыз алдыга умтулуп, өнүгүүдө .

Математика кантип пайда болгон

Биринчи класстын ар бир окуучусу математика эсепке байланыштуу экендигин билет. Аталган термин алдында саноону эле эмес, геометриялык фигураларды, формулаларды, математикалык эсептөөлөрдү жана башка маалыматтарды түшүнөбүз. Териштирип карай турган болсок, биз талдап жаткан маалымат жөн жерден пайда болгон жок - жылдар бою, кылымдар бою чогулуп келген. Кызык, математика кантип пайда болгон - келгиле, азыр карап көрөлү.

Математика илиминин калыптануусунун тарыхы

Эзелки заманда эле эсеп математикалык ишмердүүлүк катары саналып, абдан керек болгон, мисалы соода кылууда, жада калса мал багууда керек болгон - жайытка мал жайып жүрүп, так санын билүүгө туура келген. Мындай тапшырманы аткарууда жеңил болуусу үчүн дене мүчөлөрү, мисалы, колдун, буттун манжалары колдонулган. Бир канча манжа катар тизилип, санды көргөзүп турган ташка чегилген сүрөттөр жогоруда айтканга далил боло алат. Башка фактылар математиканын жана эсептин пайда болуусун тастыктайт .

Алгачкы математикалык ачылыштар

Алгачкы көрүнүктүү ачылыштардын бири болуп сандардын таанылуусу, бизге белгилүү болгон 4 амалдын - көбөйтүүнүн, бөлүүнүн, кошуунун, кемитүүнүн ойлонуп табылуусу болуп саналат. Геометрияда алгачкы жетишкендик катары түз сызык, айлана сыяктуу жөнөкөй түшүнүктөрдү айтсак болот. Математиканын мындан аркы жаралуусу, өнүгүүсү биздин заманга чейинки 3000 жыл египеттиктер, вавилондуктар тарабынан жүргөн.

Азыркы күнгө чейин сакталып калган топурактан жасалган жазуулары бар жадыбалдар эсеп жүргүзүү тууралуу түшүнүктү берет. Жөнөкөй арифметика акча алмаштырууда, товарга болгон эсеп-кысапта, пайызды эсептөөдө, салыкта жана башкаларда зарыл болгон. Курулуштун түрлөрү көптөгөн геометриялык, арифметикалык амалдарды жүргүзүүгө мажбурлаган. Дагы бир маанилүү тапшырма - жумуш аткарууга талап кылынуучу убакытты, майрамдарды аныктоодо эсептелүүчү жылнаама болгон.

Египеттеги жана Вавилондогу математика

Вавилондогу астрономия бизге бөлүктөргө бөлүү (градустар, мүнөттөр) башатын берет. Мындан сырткары вавилондуктарга эсептөө системасы, бирдикти түшүндүргөн белгилер, ондуктарды жана бирдиктерди колдонуп жазуу да таандык. Эсептөө системасында нөл саны жок болгондуктан, ар башка сандарды жазууда окшош белгилерди колдонууга туура келген. Байыркы Египеттин өнүгүү деңгээли болсо бир аз артта калган. Жазуу адабиятында иероглифтер, 1 ден 9 га чейинки сандарды жазууда тик сызмалар колдонулган, 10дон кийинки сандарды жазууда белгилерди кезектештирүү ыкмасы колдонулуп, каалаган санды жазууга мүмкүн болгон.

Математиканын жаралуу тарыхы бизге 17-кылымдын башына чейин сандар, чоңдуктар, геометриялык фигуралар жөнүндөгү илим катары саналганын айтып берет. Соода, эсеп, астрономия, жер ченөө иштери, бир аз курулуш көркөмдүгү (архитектура) тармактарында колдонулган. 18-кылымда техниканын жана табият илимдеринин катуу өнүгүүсү өз ара байланышып турган өлчөөнүн , өзгөрмө чоңдуктардын жаралуусуна алып келген. 19-20-кылымдарда математика өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы баскычына ээ болуп, эсептеп чыгаруучу математикага айланган. Бул математика кантип жаралгандыгы тууралуу айтып берүүнүн кичинекей эле бөлүкчөсү.

Сандык катыштар тууралуу илим байыркы заманда эсеп, жөнөкөй өлчөө зарылдыгы туулганда пайда болгон. Андыктан, математика алгачкы элдерде жаралган деп айтсак болот. Инк уруусу таң калычтуу белгилерди - жипке түйүн салуу ыкманы, башкача айтканда, кипу ыкмасын (түйүн жазмасы) ойлоп тапкан: түстүү ичке жиптердин, кызыктай түйүндөрдүн системасы киреше-чыгаша эсебин жүргүзгөн.

Байыркы Египеттен болсо бизге тапшырма аткаруунун математикалык тексттери жеткен. Египеттиктер бөлчөктөрдү, белгисиз сандарды табуу жолдорун, аянтты жана көлөмдү эсептөөнү билишкен. Ринд папирусу биздин заманга чейин 2 миң жыл мурда жазылган.

Маданияты жогору болгон дарыя аралык жер бизге Ашшурбанипал китепканасынын математика илими катуу өнүккөндүгүн тастыктаган топурак жадыбалын калтырган. Математиканын мындан аркы өнүгүүсүн байыркы гректер колго алышкан. Евклиддин "Башат" (Начало) окуу китебин мектеп окуучуларынын көбү билишет. Биздин заманга чейин болжол менен 300-жылы жазылган бул манускрипт геометрияга арналган.

Байыркы Грециянын классикалык өнүгүү мезгилинде Парфенон имараты жана башка көптөгөн мекемелер, Праксителдин айкелдери, байыркы заманга таандык башка эстеликтер „ алтын кесилиш " (золотое сечение) негизинде жаралган. Леонардо да Винчи сулуулук пропорциясын кийин ушинтип атаган, Пифагор математиги болсо аларды „ алтын кесилиш " катары санаган .

Кытайда биздин заманга чейин 2-1-кылымдарда бир топ эрте жазылган жазууларды камтыган "Тогуз бөлүктөн турган арифметика" (Арифметика в девяти главах) жыйнагы болгон.

Бүгүнкү күндө матетматика колдонулбаган тармак жокко эсе, дээрлик бардык жерде математикасыз ишти элестетүү мүмкүн эместей. "Математика тарыхы" боюнча макалабыз ушундай.

Дагы караныз

Жайгаштыруу: 2019-01-14, Көрүүлөр: 33747, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу