Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Математикалык күтүү

Математикалык күтүү, орточо маани – ыктымалдык теориясындагы түшүнүк, Х кокус чоңдуктун маанилеринин бөлүнүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Жөнөкөй учурда Х чоңдук ыктымалдыгы Р1, Р2, ... Рn болгон х1, х2, ..., хn чектүү сандагы маанилерди алышы мүмкүн, анда Х чоңдугунун математикалык күтүүсү деп, ЕХ= =х1Р1+ х2Р2+...+ хnРn туюнтмасы аталат. Математикалык күтүүнүн жардамы менен бөлүштүрүүнүн көптөгөн сандык жана функционалдык мүнөздөмөлөрү аныкталат. Математикалык күтүү түшүнүгү 18-кылымда кумар (азарттык) оюндар теориясына байланыштуу пайда болгон. Математикалык күтүү түшүнүгүн азыркы мезгилдеги маанисинде жалпылоого жана пайдаланууга орус математиги П. Л. Чебышев чоң салым кошкон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)