Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Массалык тартипсиздик

Массалык тартипсиздик – коомдук коопсуздукка каршы багытталган кылмыш тобу. Массалык тартипсиздик коомдук тартипке гана зыян келтирбестен, инсандардын, мамлекеттин кызыкчылыктарына да каршы багытталат. Объективдүү жагынан массалык тартипсиздикти уюштуруу, массалык тартипсиздикке катышуу, массалык тартипсиздикке чакырык жасоо ж. б. түрлөрү бар. Массалык тартипсиздик зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, куралдарды жана жардыруучу заттарды колдонуу, бийлик өкүлүнө каршы куралдуу каршылыкты көрсөтүү ж. б. ыкмалар менен коштолот. Массалык тартипсиздик учурунда бөлөк кылмыштарды жасоо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайларга кирет. Субъективдүү жагынан массалык тартипсиздик атайылап, тикелей же кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп эсептешкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)