Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Машына

"Машына" жөнүндө эмне билесиң? машинаны кантип текшерүү керек? сатып алып жатканда эмнесин караш керек? Билип ал зыяны тийбейт. Ооба баарыбыз эле машина сатып алууну каалайбыз, машинага жакшы музыканы коюп алып, алыска сапарга чыкса кандай сонун, же досторго, курбу курдаштарга барып, алар менен бирге көлгө же тоого барып, сүрөткө түшүп эс алып келсе жыргалда. Бул макала дал ушул машына же анын жакшысын сатып алууну каалаган мырзалар жана айымдарга арналат, адегенде макаланын мазмунун жазып коёлу.

Мазмуну
1.Машина деген эмне
2.Жеңил машинанын кузову боюнча аталыштары
3.Кыймылдаткычтар, оңой болуу үчүн кичине теория
4.Машинаны кантип тандоо (текшерүү) керек
5.Сатып алгандан кийин эмне кылуу керек

Машина деген эмне
Биз макаланын аталышын атайын "машына" деп ката жазып койдук, анткени бул жаштар айткандай прикольный жазылат, бирок чыныгы туура жазылышы машина, автомобиль, авто унаа. Негизи машина деген өзү эмне? Машина латындын mobilis деген сөзүнөн келип чыккан, бул кыймылдаткычтын жардамы менен өзү жүрүүчү рельссиз транспорттук каражат. Машиналардын бир нече түрү болот алар негизинен жеңил, жүк ташуучу жана эл ташуучу (пассажирдик) болуп айырмаланат. Биринчи автомобиль 1769-жылы Кюньо атту буу кыймылдаткычы менен жүргөн автомобиль болчу. Бирок бул башка кеп, макалабыздын маңызына өтөлү.

Жеңил машинанын кузову боюнча аталыштары
Эгер сиз машина сатып алайын деп жатсаңыз, кантип тандоодон мурун жеңил машинанын түрлөрүн айта кетели. Жеңил машиналар сырткы көрүнүшү боюнча 3кө бөлүнөт алар: үстү жабык, үстү ачык жана жүк-пассажирдүү унаалар.

Үстү жабык машиналардын түрлөрү:
-седан - кенири таралган жеңил унаа кузовунун түрү, 2 же 4 эшиктүү болот, 5 эшиктүүлөр (багажды эске алуу менен) сейрек
-универсал - седандын негизинде жасалган 4 же 5 эшиктүү жүк-пассажирдүү жеңил унаа, арты узунураак келет дагы үстү жабык
-хеджбэк - универсалга окшош бирок кичине кыскарааак келет.
-купе - эки эшиктүү, арткы отургучтары таптакыр жок же абдан кичинекей болот, көбүнчө спорт машиналарынын образы
-лимузин - жогорку класстагы жабык, дөңгөлөк базасынын узартылган унаа, негизи седандын эле узуну десек болот, бирок универсалдары дагы болот.
-минивэн - микроавтобус менен универсалдын ортосунда десек болот. Отургучтары эки же үч катардуу кичинекей автобус.
-хардтоп - седандын купе сыяктуу жасалышы, эки эшиктүү седан десек туура болот.
-лифтбэк - универсалга окшошуп кетет, бирок арт жагы жапыз жана кыскарак (ВАЗ-2108, Toyota Prius)
-таун-кар - шыбы бийик пассажирдик унаа, негизинен такси катары көп иштейт (MetroCab унаасы)
-Комби - Германияда арткы дубалындагы эшиги бар унааларды комби дешет, алардын ичинде универсал дагы, хеджбэк дагы бар.
-фастбэк - крышасы өзгөчө формада болгон машиналардын кузову

Үстү ачык машиналардын түрлөрү:
-Кабриолет - үстү ачык, 2 же 4 эшиктүү автоунаа
-Родстер - 2 орунду үстү жыйылуучу кузовдогу автоунаа
-Фаэтон - 5-6 орунду үстү жумшак материалдан жасалган жана жыйылуучу автоунаа
-Ландо - үстү жумшак материалдан жасалган же чечилме катуу материалдан турган автоунаа
-Брогам - алдыңы орундуктарына чейинки үстү чечилме же жыйылма автоунаа
-Тарга - 2 орундуу маңдайкы айнеги бекем бекитилген спорттук родстер автоунаасынын бир түрү
-Спайдер - 2 орунду үстү ачык кузовдогу автоунаа
-Шутингбрейк - универсал жана комбиге окшош, бирок арт жагы артка тартылып турат

жүк-пассажирдүү машиналар:
-Пикап - жүк салган жагы ачык, адам отуруучу жагы жабык кузовдогу унаа.
-Фургон - үстү жана капталдары бүтүн темирден жасалган унаа.


Кыймылдаткычтар, оңой болуу үчүн кичине теория
Айтылгандардын бардыгы унаанын кузовуна тийиштүү түрлөрү болду, эми кыймылдаткычтары жөнүндө кичине болсо дагы билип алалы. Негизинен Кыргызстандагы автоунааларды көбүнчөсү ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар (ДВС - двигатель внутреннего сгорания) менен жабдылган. Алар өзүнүн ичинен дизелдик жана бензиндик болуп бөлүнөт. Азыр көбүнчө кыймылдаткычтар турбина күчөткүчтөрү менен чыгууда. Турбинасы бар авто унаа жакшыбы же турбинасы жокбу? Албетте, бул суроого абдан көп ойлор пайда болушу мүмкүн, бирок бир нерсени эске алуу керек, турбиналуу кыймылдаткычтардын жүрүү ресурсу азыраак болот, анын үстүнө мындай кыймылдаткычтардын иштөө көлөмү башынан эле аз болот, бирок жакшы жери күчтүү. Ал эми турбинасы жок кыймылдаткычтар атмосферник деп коюшат, булардын албетте жүрүү ресурсу көбүрөө, бирок көлөмү аз кыймылдаткычтар алсызыраак болушат. Ошондуктан кыймылдаткычка келгенде күчтүү менен көпкө чыдагандын ортосунан тандоо керек. Күчтүү керек десеңиз турбинасы менен алыңыз, көпкө жүрүүсүн кааласаңыз анда атмосферник сиздики.

Катарлуу кыймылдаткычтар (рядный)
Катарлуу кыймылдаткычтар абдан кеңири таралган, алар негизинен тигинен орнотулуп поршендери бир катарда тизилген. 3, 4, 5 же 6 цилиндрлүү (поршендүү) болот. Кыргызстандагы эң көп жайылганы 4 цилиндрлүү кыймылдаткычтар. Ремонту арзан деп айтуу болбойт, бирок башка кыймылдаткычтарга салыштырмалуу эң арзаны.

V сымал кыймылдаткычтар
Мындай кыймылдакычтардын цилиндрлери жантайыңкы (45 градус, кээде 50-60 градус) эки катарда тизилип, ар бир катарда 3, 4 же 6 цилиндр болот. Атактуу V6, V8 жана V12 кыймылдаткычтары. Бул кыймылдаткычтардын ремонту кымбат болот.

Оппозиттик кыймылдаткычтар
Учурда Кыргызстанда оппозиттик кыймылдаткычтуу унаалар дагы аз эмес, булар көбүнчө Subaru маркасындагы унаалардын кыймылдаткычтары, оппозиттик - бул эмнени түшүндүрөт, бул кыймылдаткычтардын иштөөчү поршендери тигинен эмес, туурасынан жайгашкан (горизонталдуу), мындай кыймылдаткычтарды жасоодо же иштетүүдө азырынча жаман-жакшысы белгисиз ошондуктан кыймылдаткычка келгенде баарын сурап билип, аны интернеттен карап, абайлап сатып алуу керек.

Кыймылдаткычтардын клапандары
Кыргызстанда ар кандай кыймылдаткычтар бар жана алардын бир поршенге (цилиндрге) туура келүүчү клапандарынын саны дагы маанилүү маселе. негизи жөнөкөй кыймылдаткычтардын 1 поршенинин ичинде 2 клапан эле болот (бироо таза абаны сорот, экинчиси күйүктүн калдыктарын чыгарат), бирок кээ бир унаалардын кыймылдаткычтарындагы 1 поршенге туура келүүчү клапандардын саны 3, 4 кээде 5 болгондору бар, булар албетте жакшы, бирок газ бөлүштүрүү механизминин ремени (ГБМ, орусчасы - ремень ГРМ - ремень газораспределительного механизма) жакшы иштеп турган учурда гана, эгер кокус ал ремень үзүлүп кетсе мисалы 5 клапандуу кыймылдаткычтын ичиндеги клапан менен поршен кагылышып кыймылдаткыч чоң зыянга учурайт, ичинен баарын талкалайт. Ошондуктан колдон келсе клапандары азыраак кыймылдаткычтуу автоунаа сатып алуу жакшы. Клапандардын саны унаанын кыймылдаткычынын үсүтүндө кээде арткы багаж жакта жазылуу болот, мисалы, 5V, 16V, 20V (Көңүл бургула! клапанда биринчи саны жазылат 16V деп, ал эми V6 деп биринчи тамга жазылса бул клапан саны ЭМЕС кыймылдаткычтын түрүнө кирет) деп, булардын түшүндүрмөсү дагы ар кандай, мисалы 4 поршендүү кыймылдаткычта 20V деп жазылып турса анда ар бир поршенге 5тен клапан дегенди билдирет, эгер 4 же 5, сейрек 6 поршендүү кыймылдаткычта 5V деп турса анда бул 1 поршендеги клапандын санын билдирет. 4 поршендүү кыймылдаткычта 16V деп турса анда ар бир поршенге 4 клапан жана ушу сыяктуу.

Бөлүштүрүү валы (распредвал)
Бул дагы кыймылдаткычта маанилүү ролду ойнойт. V6, V8, V12 кыймылдаткычтары негизинен V түрүндө болуп, ар бир катарында 3, 4 же 6 поршенден турат, демек буларга ар бир катарга бирден бөлүштүрүү вал, башкача айтканда 2 бөлүштүрүү валы болот. Жана мындай кыймылдаткычтардын ремонтунун баасы албетте кымбат болот, анткени тетиктер эки эсеге көп. Жөнөкөй вертикалдуу жана катар жайгашкан 4 же 5 поршендүү кыймылдаткычтардын ремонту арзаныраак болот. Мунун баарын жазып башынарды ооруттук окшойт. Бирок алган унааңыздын кокус кыймылдаткычы бузулуп калса, ошондо накта нерв болосуз. Ошон үчүн жөнөкөйрөөгүн тандоону сунуштайбыз.

Машинаны кантип тандоо (текшерүү) керек
Машина сатып алууда биринчи сырткы келбетин кароо керек, эгер сырты татынай болуп, айнектеринде жарака жок болсо, өзгөчө маңдайкысы (авария болгон эмес дегенди түшүндүрөт, бирок аны жаңы салып коюшу дагы мүмкүн), унаанын турпаты түз болсо, боёктору түлөбөгөн болсо, жана сизге жакса, ичине кирип, ичин сынай баштоо керек. Ичинде рулдун сырткы капталышы жешиллген болсо, же боёгу өчүп калган болсо, бул анын көп жүргөндүгүн түшүндүрөт, албетте кайра эле рулга чехол кийгизип да коюшат. Андан соң газ, тормоз ажыратуу/кошуу педалдарын кароо керек, алар дагы көптү билдирет, эгер ал баскычтардагы резинка каптоолору жешилип, темири жылтырап көрүнүп турса мындай унаа жок дегенде эле 100000 чакырым жүргөн унаа. Айтмакчы унаанын канча жүргөнүн көрсөтүүчү эсептегичин карабай эле койгула, аны оңой эле артка жылдырып коюшат, электрондук болсо дагы. Машинанын ичи жактыбы? анда текшерүүнү дагы улантабыз. Сатуучуга кыймылдаткыч турган капотту ачтыргыла дагы кыймылдаткычтын абалын карагыла. Эгер кыймылдаткычтын үстүндө коргоочу капкак болсо, аны чечтиргиле, ал оңой эле чечилет.

Кыймылдаткычты карагыла, эч жактан май агып, капкара тактар болбошу керек, майлоочу май куйган тешиктин айланасы көп эмес, кичине май болушу мүмкүн, бирок кара май эмес. Май акпаган кыймылдаткыч кургак, ак чаң басып турушу керек. Кыймылдаткычтын сырткы кебетеси жактыбы? Анда сыноону дагы улантабыз, сырты жакшы болсо эле ичи жакшы деп ойлобогула! Сатуучудан сурагыла, кыймылдаткычтын көлөмү кандай, канча поршень, бир поршенге канча клапан, турбинасы барбы, дизельби же бензинби деп, баарын айтып берген соң кыймылдаткычтагы жазуулар менен салыштыргыла, сатуучу туура айтып жатабы же алдап жатабы. Баары туура чыктыбы? Жолубузду улантабыз, сатуучудан кыймылдаткычты от алдырууну (иштетүүнү) сурангыла.

Кыймылдаткыч иштеп баштаганда дароо аны тыңшагыла, чыкылдаган (дизель чыкылдай берет), шакылдаган үндөр болбошу керек, бир гана тегиз жана бир калыпта иштеген кыймылдаткычтын үнү угулушу керек. Салонго кирип тахометрди карагыла, анда бош иштеп жатка кыймылдакычтын обороттору бир өйдө бир ылдый болбошу керек. Иштеп жаткан кыймылдаткыч өтө катуу силкилдебеши да керек, эгер андай болсо анын жаздыкчалары иштен чыккан, анын алмаштыруусу эмне? албетте акча. Кыймылдаткыч иштеп турганда унаанын артына барып түтүн чыккан жерин карагыла, (ушул жерден биз бензин кыймыдаткычы жөнүндө айталы, дизелде түтүн капкара болуп чыга берет) ал жактан эч кандай түтүн чыкпашы керек.

Кара түтүн чыгып кээде жок болуп кетип жатса, анда кыймылдаткычтын от алдыруу системасында көйгөй бар, эгер көгүлтүр түтүн чыгып жатса, анда кыймылдаткычтын поршен системасы иштен чыккан, мындай унаадан таптакыр баш тартыңыз, бул май жеген унаа. Эгер түтүн чыккан жерден буу абдан көп чыгып жатса, мындай унаанын муздатуу системасында жарака бар же прокладкалары күйүп кеткен, андайдан дагы баш тартуу керек. Нормалдуу кыймылдаткычтан кышкысын агыш болгон пар чыгат бирок ал 10-20 мүнөттө жоголушу керек, жайкысын таптакыр эч нерсе чыкпайт. Ошондуктан унаа сатып алсаңыз жайында алган жакшы, көйгөйлөрү болсо дароо билинет. Учурда көптөгөн унааларда катализатор деген тетик болот, аны дагы эске алуу керек, ал унаанын түтүн чыккан жеринде жайгашып газдарды тазалайт, кээ бир унаанын кыймылдаткычында көйгөй болсо, катализатор андагы чыккан түтүндөрдү жок кылып салышы мүмкүн. Баары жакшыбы? кыймылдаткыч зыңк бекен? Анда текшерүүнү дагы улантабыз.

Сатуучудан сурагыла ГРМ ремени качан алмаштырылды эле деп, бул ремень кыймылдаткычтагы абдан маанилүү тетик, эгер ал үзүлүп кетсе кыймылдаткычты кыйратып салышы мүмкүн. ГРМ ременинин эң мыктысы 60000 чакырым иштеп берет, андан ашык болбойт, ремень 100000 чакырым иштейт дегендерге таптакыр ишенбегиле. Эгер ремень 40-50 миң иштеген болсо бул унаанын баасын түшүрүүгө шылтоо, анткени сиз аны сөзсүз алмаштырууга туура келет. Кээде ремендин ордуна чынжыр болот (цепь) анын дагы иштөө мезгили болот, орточосу 100000 чакырым. Турбинасы бар унаа тандап жатсаңыз дизель болобу, бензин болобу, акыркы жолу качан алмаштырылды эле деп сураңыз эгер турбина алмашыла эле болсо бул дагы унаанын баасын түшүрүүгө шарт, орточо турбиналар 150000 чакырым иштеп берет, андан кийин аны алмаштыруу керек.

Бузук турбинаны кантип аныктоо керек? Кайра эле кыймылдаткычты от алдырабыз, дизель болобу бензин болобу айырма жок, анан газды 2,5-3миң оборотко чейин айланта басабыз же сатуучуга бастырабыз, эгер турбина өтө эле ышкырып же уңулдап жатса бул анын бузулуусуна жакындап калганы. Кыймылдаткыч иштеп жатканда кайра түтүн чыккычка барабыз да, карайбыз, эгер ал жактан кичинеден кара май тамчылап жатса, бул турбинанын толук бузук экендигин билдирет. Жаңы турбинанын орточо баасы 30-40 миң сом. Тамчылаганды кармап көргүлө кээде ал жөн эле конденсат болуп калган суу болушу мүмкүн. Бардыгы жакшы болсо, анда машинанын дөңгөлөктөрүн жана подвесткасын кароого өтөбүз. Дөңгөлөктөр өтө эски болуп протекторлору түптүз болуп жешилип калса, бул дагы соодалашууга себеп, бир дөңгөлөк 2000сомдон 6000сомго чейин болот, багажниктеги кошумча дөңгөлөктү дагы текшерүү керегинин айтпай эле коёлу.

Эми амортизаторлорун текшеребиз, ар бир дөңгөлөктүн жанына барып үстү жагынан күч менен басып көрөбүз (абайлаңыз кузовдун темирин мыйшыйтып албагыла), нормалдуу иштеген амортизаторлор ылдый басылып, кайра өйдө карай жай көтөрүлөт, эгер басып коё бергенде 2 же андан ашык жолу солкулдап турса анда амортизаторду алмаштыруу зарыл, бул дагы баасын түшүрүүгө себеп, төрт дөңгөлөктүн амортторун ушинтип текшеребиз. Амортизатордун бирөөсүнүн эле орточо баасы 1000сомдон 5000сомго чейин. Сайленд блокторду текшерүүгө өтөлү, машина ордунда турганда ар бир дөңгөлөккө барып артка же алдыга жылдыруу максатында дөңгөлөктү тээп-түртүү керек, мындай учурда дөңгөлөк кыймылдабай (алдыга, артка шалкылдабай) турушу керек, жана эч кандай тыкылдаган үндөр чыкпашы керек, антпесе, анын сайленд блоктору иштен чыккан жана аны дагы алмаштыруу зарыл болот, а бул арзан эмес.

Бир сайленд блок 300 сомдон 600 сомго чейин, ал эми бир унаадан алардын саны 10дон 20-30га чейин болот. Акчасы канча болоорун өзүңүз эсептеңиз. Ушинтип ар бир дөңгөлөктү текшерүү керек. Рулга өтөлү, рулда эч кандай люфттар (бош айлануу) жок болушу керек. От алдырып рулду ары-бери буруп көрүңүз, эгер бурганда уңулдаган үн чыгып жатса анда, рулдун гидрокубаттагычы иштен чыгайын деп калган, буга дагы соодалашуу зарыл. Гидрокубаттагычтын (гидроусилитель же ГУР) орточо баасы 3000-5000сом. Унаанын сыртына чыгыңыз, эгер унаа түз жерде турса дөңгөлөктөрүн караңыз алар ичине же тышына карай тайтайбай түз турушу керек. Антпесе, унаанын сход/развалдары туура эмес же рулдун тетиктери иштен чыккан болот.

Кыскасы унаа түптүз турушу керек, кыйшайбай, капталдабай, аксабай. Бир дөңгөлөктү түздөтүү 400 сомдон 600 сомго чейин. Баары жакшы болсо, эми аз эле жерин текшерүү калды, машинанын салонуна кириңиз, ачкычты сурап, зажиганиени ачыңыз, бирок от алдырбаңыз, анан бардык лампочкаларын, бардык көрсөткүчтөрүн, бардык электрондук тетиктерин жада калса радиосун дагы иштетип көрүңүз, бардыгы жакшы иштеши керек. Мунун баарын жазып жатсак аябай кытайчы адам го деп ойлоп жатсаңыз керек, бузук машина сатып алганда алардын тетиктери кандай кымбат экени башыңардан өткөндө гана түшүнөсүз. Ошондуктан машина сатып алып жатканда анча-мынча жерлери бузук болсо, а эч нерсе эмес жасатып алам деген таптакыр болбойт, сатуучу менен ар бир бузук тетиги үчүн соодалашуу керек.

Эми эң акыркы нерсе, бул унаанын документтери. Биринчиден унаанын быйылкы жылга болгон салыгы сатуучу тарабынан төлөнгөн болушу шарт, бирок унаа абдан жагып жатса, анда өзүңөр эле төлөп койсоңуз болот, же сатуучудан салык акчасын унаанын баасынан алдырып салууга аракет кылыңыз, же эмне акчаңыз көпбү? Унаа сатып алууда документтерине абдан жакшы көңүл буруңуз, документте унаанын кыймылдаткычынын көлөмү жана анын номери, чыгарылган жылы, кузовунун номери жазылат, бардыгы унаа менен тураа келүүсү керек, андан тышкары унаа сатуучуга катталган болуусу зарыл. Эгер унаа башка адамдыкы болуп, сатуучу ишеним кагаз (доверенность) менен сатып жатса, андай унаадан баш тартуу абзель. Анткени, унаанын ээси келип унааны талап кылса Сиз эч нерсе кыла албай каласыз жана акчаңыздан дагы, унаадан дагы арыласыз. Баары жакшыбы? анда унааны сатып алуу довогорун түзүүгө өтөлү, договор түзүп жатканда сатуучунун эгер жубайы болсо, ал дагы договор түзүүгө катышуусу милдеттүү антпесе, эртеси күнү унаанын жарым акчасын талап кылып алышы мүмкүн. Негизи мунун баарын нотариус аркылуу жасалат, ошондуктан бардык документтерди каттатып же түзүп жатканда ар бир сүйлөмдү шашпай окуп чыгуу зарыл. Сатуучу шаштырышы мүмкүн, убактым жок, тиги-буу деп, шашпагыла, эгер такыр болбосо, ал унааны албай эле койгула, баш оору аз болот.

Сатып алгандан кийин эмне кылуу керек
Дароо СТОго барып унаа кыймылдаткычынын майлоочу майын, майлоочу майдын чыпкалагычын, аба чыпкалагычын, күйүүчү май чыпкалагычын алмаштырып, тормоз жана кыймылдаткычты муздатуучу суюктуктарды текшерүү шарт. Унаа сатуучулар майы жаңы, чыпкалагычтары жаңы деп айта берет, бирок, ал дайыма андай эмес. Эгер колдон келсе дароо ГРМ ременин алмаштырып алгыла, сары-санаасыз айдайсыз. Айтылгандай эле сатып алгандан кийин дароо документтерди бүтүрүү керек, кайра каттатуу, жаңы номер алуу дегендей, документ жагынан бардыгын тыкат бүтүрүү мезгилдин талабы. Мунун баарын окуп алып, баарын кантип текшерем, кантип жасайм деп нерв болуп жатсаңыз керек, антпеңиз, машине сатып алууда жаныңызга тажрыйбалуу шоопурду алып алсаңыз андай адам түйшүктү бир топ азайтат. "Машына" тандоо же сатып алуудагы кеп кеңештерибиз ушундай, көптү билип алдыңыз деген ойдобуз. Дагы эмне дейбиз, машне кут болсун :)

Жайгаштыруу: 2017-10-13, Көрүүлөр: 3790, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-10-13
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо