Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Машина

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Машина

Учак менен көтөргүч кранды, комбайнды жана токуу станогун, чаң соргучту жана кичинекей электр устарасын биз машина дейбиз. Ал тургай өзүңөр жакында эле тээп жүргөн үч дөңгөлөктүү велосипед менен педалдуу автомобиль да машинага кирет. Түзүлүшү ар түрдүү болсо деле эмне үчүн биз аларды бир сөз менен машина деп атайбыз? Биринчиден, алардын бардыгы эле адамга пайдалуу кандайдыр бир ишти аткарышат. Ошону менен бирге негизги иш операциясын машина өзү аткарат, адам аны башкарып гана турат. Машиналарды толуп жаткан башка механизмден ажыратуучу экинчи бир башкы белгиси, алардын милдеттүү түрдө үч негизги: иштөөчү бөлүккө, кыймылдаткычка жана кыймылдаткычтан иштөөчү бөлүккө, кыймылды жеткирүүчү механизмге бөлүшөт. Иштөөчү бөлүк - машинанын негизги бөлүгү. Машина эмнени кандай иштей тургандыгы ошого байланыштуу болот. Мына токарь станогу иштеп жатат дейли.

Анын курч кескичи менен тетик жонулуп, белгилүү бир формага келет. Ага бекитилген тетик менен жонгуч (аларды шпиндель жана суппорт support деп аташат) - станоктун иштөөчү бөлүгү. Тигүүчү машина тигишти чыгырыктуу чөлмөк жана ийне жүрүүчү таманы менен тигет. Булар да - тигүүчү машинанын иш аткаруучу бөлүгү. Эксковатордун иштөөчү бөлүгү - жер казуучу килейген сузгуч. Ал эми жер бургулоочу машинанын иштөөчү бөлүгү - көзөөч. Металл менен жыгач иштетүүчү, кагаз даярдап китеп басуучу, кездеме токуп кийим тигүүчү, талаадан түшүм жыйноочу, канал, жол, көпүрө жана үй салуучу машиналар иш аткаруучу машиналар деп аталат.

Бул машиналардын кайсы бирлери - завод менен фабрикалардын цехтерине орнотулат, кайсы бирөөлөрү эгин талааларында, курулуштарда иштешет. Мисалы, комбайн, трактор, эксковатор, көтөргүч кран өңдүү ар түрдүү айыл чарба машиналары бар. Жүргүнчүлөр менен ар түрдүү жүктөрдү кеме, самолёт, тепловоз, автомобиль, троллейбус жана башка транспорттор ташыйт. Алардын жасай турган иши - жүрүү, сүзүү, учуу. Мындай машиналардын иштөөчү бөлүгү кыймыл бергич деп аталат, анткени ал машинанын жүрүшүнө көмөк көрсөтөт. Автомобиль менен тепловоздун кыймыл бергичтери - дөнгөлөктөрү, самолётто (учак) - аба винти (пропеллер) же реактивдуу кыймылдаткычта чорго (сопло), кемеде - калактуу винт болушат. Ошентип иштөөчү бөлүгү кыймылдаткыч жана кыймылдаткычтан иштөөчү бөлүккө кыймыл жеткирүүчү бөлүгү бар ар кандай механизм - машина деп аталат. Андай болсо велосипед же тигүүчү машинаны кайсы жакка таандык кылууга болот?

Биз буларды да машина деп атадык, бирок велосипед менен кийим тигүүчү кол машинанын кыймылдаткычы жок эмеспи. Көрсө, машинаны кыймылга келтирүү ишин, башкача айтканда кыймылдаткычтын милдетин адам өзү аткарат экен. Кыймылдаткычтар ар түрдүү болот. Алар шамал, суу, буу, электр кубаты, от, күн нуру, суутек менен иштешет. Айтмакчы, кыймылдаткыч өзү да машинага кирет. Алар энергетикалык машина деп аталат, себеби анын иши энергиянын бир түрүн экинчи түргө айландырууга негизделген. Мисалы, зым аркылуу электр кыймылдаткычына электр тогу келет, кыймылдаткыч болсо станокту кыймылга келтирет.

Ошентип электр энергиясы механикалык энергияга, башкача айтканда кыймылга айланат. Мындан башка информациялык машиналар да бар, алар: компьютер, планшет, смартфон, эсептөөчү машиналар. Булар бизге саноо, эсептөө, маалыматтарды жыйноо үчүн же азыркыча айтканда, информация алууга, түрдүү ишканаларды жана бүткүл өлкөнүн чарбасын башкарууга жардам берет. Илимдин, техниканын, турмуш-тиричиликтин бардык тармагында машина адамдын ишенимдүү жардамчысы болуп калды. Машина бизге унаа болду, ар түрдүү тамак-аш жасап, идишибизди жууйт, ал тургай кийимибизди тигип, тазалап да берет.

Ошондуктан бүгүнкү күндө адамдардын эмгек жана турмуш шарттарынын жакшырышы илим менен техниканын өркүндөшүнө, алардын сан жагынан көбөйүшүнө байланыштуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1679, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо