Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мариана аралдары

Мариана аралдары – Тынч океандын борбордук бөлүгүнүн батышындагы аралдар тобу, Микронезияда. 15 ири (Гуам, Рота, Сайпан ж. б.) жана бир нече майда аралдан, рифтен турат. Аянты 1,1 миң чарчы/чакырымден ашык. Калкы 170 миңдей (2005). Гуам аралы – АКШнын ээлиги, калгандары Тынч океан аралдары менен бирге БУУнун көзөмөлүндө болуп, АКШ башкарат. Сайпан аралында административдик борбору – Хагатна жайгашкан. Аралдар жанар тоо жана шуру рифтеринен пайда болгон. Аракеттеги жанар тоолору да бар. Жер титирөө жана тайфун тез-тез болуп турат. Бийиктиги 965 мдей. Климаты тропиктик, пассаттык. Январдын орточо температурасы 20°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1800–2100 мм. Тоолорунун түштүк жана чыгыш капталдарына дайыма жашыл тропик токою, түндүгүнө ксерофиттүү дан өсүмдүктөрү өсөт, бал камыш, кокос пальмасы, банан, пахта жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Испаниянын королу – Филипп IVнүн аялынын атынан. Туризм өнүккөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)