Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Манжурия

Манжурия (топоним), "Манас" эпосу боюнча эпикалык душман элдердин биринин өлкөсү. Манжуриянын эпоско киришинин тарыхый негизи бар. Манжуриянын азыркы Кытайдын түндүк-чыгышында пайда болгон феодалдык мамлекеттин алгачкы аты. Ал мамлекеттин тарыхый аты анын негизги элинин атынан Манчжу (кыргызча Манжу) болгон. Манжурия мамлекет 17-кылымдан баштап жанындагы кошуна элдерди каратып алган. Алар кытайды басып алгандан кийин кыргыздарга да кол салуу аракетинде болушкан, эпосто бул тарыхый кырдаал чагылдырылган.

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)