Манжиков Батыр Цебекович

Манжиков Батыр Цебекович (27. 3. 1950-жылы туулган, Фрунзе шаары) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1997). КМУну (1973), СССР Илимдер академиясынын А. Ф. Иоффе атындагы Физика-техникалык институтунун аспирантурасын аяктаган (Ленинград, 1985). Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ТФМИде улук инженер (1975–78), кенже илимий кызматкер (1978–86), улук илимий кызматкер (1986–91), 1996-жылдан лаборатория башчысы болуп эмгектенет. Катуу заттар физикасы жана тоо-тектер механикасы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин автору. Эмгектери: Индуцированная сейсмичность и удара опасность шахтных полей. Б., 1997.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)