Мануйленко Юрий Иванович

Мануйленко Юрий Иванович (30. 10. 1933-жылы туулган, Ысык-Көл областы, Түп району, Техникум айылы) – гигиенист, медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1999). КММИни бүтүргөн (1960). 1951-жылы Фрунзе медициналык окуу жайын бүтүрүп, Ош областтык санэпидстанцияда, Аламүдүн райондук ооруканада фельдшер болуп иштеген (1951–55). Жалал-Абад шаардык санэпидстанцияда врач, башкы врач (1960–69). Кыргызстан эпидемиология, микробиология жана гигиена ИИИде улук, башкы илимий кызматкер (1975–2001). Кыргыз профилактика жана медициналык экология ИИИде бөлүм башчы (2001–05). 2005-жылдан КРСУда кафедра башчысы болуп иштейт. Эмгек гигиенасы боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги бар. Эмгектери: Экология человека в сурьмяном биогеохимическом регионе (в соавторстве). Ф., 1991. Радиационная химия и радиоэкология. Б., 2006, 2007.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)