Мантуя

Мантуя (италянча Mantova, латынча Mantua) – Италиянын түндүгүндөгү шаар. Ломбардия областында, Мантуя провинциясынын административдик борбору. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Минчо дарыясы По дарыясына куя бериштеги кенен салаада жайгашкан. Калкы 47,1 миң (2010, агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту. Темир жол түйүнү. Шаар биздин заманга чейинки 6-кылымда негизделген. Алгач 819-жылдагы документтерде эскерилет. Орто кылымга таандык архитектуралык эстеликтери – роман ратондасы (11-кылымдын 2-жарымы), муниципалдык ак сарайлар (13-кылым), собор.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)