Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Манастын кырк чоросу менен элге кайтканы

Манастын кырк чоросу менен элге кайтканы — «Көзкамандар окуясынын» жыйынтык бөлүмчөсү — күрөштүн чечилиши.

Манас өлдү дегенде эл ишенбегени менен Көзкамандарга каршы турар адам жок, Көкчөкөз тең тууганмын деп, Манастын мал-мүлкүнө кол салып, кой деген атасы үсөндүн тилин албай, кайра аны тилдеп, өз билгенин кыла баштайт. Каныкей мага тийсин деп Мазакени жиберет. Каныкей түшүндө көргөн аян белги жетини көңүлүнө тутуп, жети күн десем бери болуп калар бекен, жети жылга Көкчөкөз акмак көнө койбос, ортосун айтайын деп ойлоп, жети ай аза күтөйүн, андан кийин алам десе макулмун — деп, алдап арачыны жолго салат. Ошол убакта талаадагы жарадар Манаска жолборс келип жолдош болду, жот деген дары чөп берди, илбирс ини болду, искеме деген дары чөп берди, аюу ага болду, ак дары деген тамырды казып берди. Баатыр кадимкидей соо болуп айыгып кетти. Сыргак менен Серекти ээрчитип, баары бүт бойдон кырылып калган эместир, кырк чоронун аман калганы болсо таап, анан элге баралы деген Манас Ат-Башы, Нарынды түрө кыдырып, кырк чорону издеп жөнөдү. Көкчөкөз Манастын ордун батыраак ээлөөнү эңсеп чыдамы кетип, жети ай деп маалкатпай тие турган болсо азыр тийсин — деп Мазакени Каныкейге дагы жиберди. Эми алдаганга көнбөсүн түшүнгөн Каныкей Көкчөкөзгө тийбей турганын айтып, арачысын кубалап жиберет. Көкчөкөз жигиттери менен барып Каныкейдин ордосун талап, ичер тамак, киер кийиминен өйдө тартып алып, күндүз кой, түнүндө короо кайтартып койду. Манастын энесин баш кылып жакындарын кордукка салып, жардам берген адам менен өлбөгөн жерде калышам деп жар чакыртты. Жакып тоого чыга качып кутулду.

Манас эки чоросу менен кырк чорону таап, алардын бетине суу чачышса эс алышты. Өлүү-тирүүнүн ортосунда эс-учун билбей жети күн, кээси жети ай, айрымдары жети жыл жаткан дешет. Баары аман-эсен көрүшүп, өзүлөрү келген аттарын минип, кубаныч менен элге баралы деп жүрүп калышат.

Көзкамандын балдары Жети-Төрдүн оюндагы Талды-Суунун боюна Манастын аялдары менен Аруукенин үйлөрүн катар тиктирип, өзүлөрү атасынын үйүнө чогулуп алып канкордун дүнүйө-мүлкүн, аялдарын бөлүп алмак болушуп кеңешип жатышканда Манастар келип калышты. Сыртта туруп аларды көргөн Бегалдай үйгө кирип туугандарына Манас келгенин айтса, Көкчөкөз бул мени шылдыңдап коркуткусу келет деп инисин чаап салды. Чагалдай Бегалдайга болушуп, Көзкамандын балдары бычакташып, бирин-бири өлтүрүп тынышты. Ушундан ыркы жоктук жөнүндө «Көзкамандарча бычакташкыла» деген ылакап сөз айтылып калды. Эл чогулуп, баатырдын аман-эсен элине кайтканын куттукташты.

Баатырды «өлтүрүп», же өлдү деп эсептеп аялын зордук менен алуу үчүн тойго камданып, же той берип жатканда баатырдын келип калышы фольклордук чыгармалардагы, анын ичинде кыргыз эпосторундагы кеңири белгилүү сюжеттерден.

Радлов жазып алган вариантта Манасты дарылап айыктыруу, кырк чоронун өлүп тирилиши, элге кайтуу негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын планда, бирок айырмалары да бар: Мекеден келген Канкожонун жардамы менен Манасты Каныкей өзү дарылайт. Манас Мекеге баргандан кийин тилеги кабыл болуп кырк чоро тирилет жана башкалар.

Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкамандар Манасты өлтүрдүк дешип Каныкейдин ордосун талап, Акаярды байлап орго салып, кытайга жөнөшөт. Кароолго чыккан Кыргыл Каныкейдин ордосунун талкаланганын көрүп, ордого келип, Акаярды бошотуп, андан болгон окуяңы угуп, бейкапар жаткан кырк чорого кабар берет. Кырк чоро Көзкамандардын артынан түшүп, алар Манасты жайладык, кыргыздардан кутулдук дешип капарсыз тыныгып жатканда үстүнөн басып, кыргын кылып кайтат. үңкүрдө Каныкей дарылап жаткан Манас кырк бир күндө айыгып, элге кошулат.

Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)