Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манастын кумбозу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Манастын кумбозу

Манастын кумбозуТалас ороону откон кылымдардын тарыхый эстеликтерине ото бай келет. Ороондо коп сандаган археологиялык эстелик-корустондордун, отурукташкан турак жайлардын, ошондой эле X—XIV кылымдарга таандык бир нече архитектуралык имараттардын калдыктары сакталып калган. Алардын арасында XIV кылымдын башында тургузулган «Манастын кумбозу» да орун алган. Кумбоз Кенкол суусунун жээгинде, азыркы Талас шаарынан 12 чакырым аралыкта, «Манастын» чокусу деп аталган тоонун этегинде жайгашкан. Кумбоздун аймагынан XII—XIII, айрыкча XVII—XIX кылымдарга таандык карапа идиштердин сыныктары арбын табылган. «Манас» чокусунда XIV кылымдын биринчи жарымына таандык платформа жана мунара турундо таштан курулган, чындалган «сепилдин» калдыгы сакталып калган. «Манас» чокусунун Тундук чыгыш тарабында байыркы кочмон уруулардын корустондору да жайгашкан. Манастын кумбозун жергиликтуу эл мындай уламыштарга байланыштырышат. Уламыштын бирине Караганда, Манастын уулу Семетей Анырташтагы салгылашууда курман болгон атасынын соогун мына ушул жерге алып келип койгон деп айтышат. Эл арасында тараган дагы бир уламыш боюнча, кумбозду Манастын жубайы Каныкей салдырган дешет.

Легендарлуу эл баатыры Манастын арбагын, жаткан жайын анын душмандары кордоп койбосун деп, кумбоздун бет мандайындагы жазууга аял кишинин ысмын жаздырып коюуну Каныкей буюрган имиш.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 19373, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу