Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Манас эпосунун жаралышы жана анын доору

Көрүнүктүү изилдөөчүлөр С. Е. Малов, М. О. Ауэзов, А. Н. Бернштам, В. М. Жирмунский, Б. М. Юнусалиев, К. А. Рахматуллинж. б-дын пикири боюнча «Манас» эпосунда Эне-Сай кыргыздарынын 9—10-кылымдарда саясий жактан жогорулап турган мезгилден тартып айрым тарыхый окуялар чагылдырылган. Бул жыйынтыкка кошулуп «Манас» эпосунун жаралышы жнаа анын доору жөнүндө дагы башка пикирлерди айтууга болот.

Эне-Сай кыргыздары 9—10-кылымдарда чыгышта Манжуриядан батышта Иртыш дарыясына, түндүктө Красноярдан Түш.-чыгыш Түркстанга чейинки аймакты ээлеген ири мамле-кетти түзүшкөн. Алар бул мезгилден мурун да, кийин да мындай саясий ийгиликке жетишкен эмес. Ошондуктан, «Манас» эпосунун алгачкы түптөлүшүндөгү кыска варианты же анын башкы каарманы жонундөгү дастан-дар 9-кылымдын орто чендеринде айтылып калы-шы ыктымал. Ушул пикирге байланыштуу Эне-сай кыргыздарынын 840-жылдардагы согуш ийгиликтерине токтолуп кетүү зарыл.

6—9-кылымдарда Ортоңку Эне-Сай өрөөнүн мекендеген кыргыздар Борб. Азияда биринин артынан экинчиси үстөмдүк кылып келген Түрк, Карлук жана Уйгур кагандыктарына көз каранды болбос үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүп келишкен. Ал окуялар жонундө кытай китептеринде жана Орхон-Эне-Сай жазуу эстеликтеринде жазылган.

820-жылдан тартып Эне-Сай кыргыздарынын кагандыгынын ортосундагы карама-каршылык өтө курчуган. 839-ж. уйгур өкмөтүнүн биринчи министри Гюйло Фу сарай төңкөрүшүн уюштуруп, Ху Дэле кагандын ордуна, анын жөндөмсүз уулу Кэси Дэлэни такка отургузат да мамлекетти өзү башкара баштайт. 840-ж. узурпатор Гюйло Фуга каршы аскер башчысы Гюйлу Мохэ көтөрүлүш жасап, кыргыз канын жардамга чакырган. Бул абалдан пайдаланып, кыргыз ажосу 100 миң аскер м-н Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон суусунун боюндагы уйгур кагандыгы-нын борбору Орду-Балыкты курчаган. Бир канча күндөн кийин шаар алынып, кыйратылган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз ажосу уйгур канынын сарайын талоо, өрттөөгө өзү катышкан. Каган Кэси Дэлэ өлтүрүлгөн, узурпатор Гюйло Фу дарга асылган. Орду-Балыкты кыргыздар ээлеп, өрттөгөндүгүн, анын калдыгынан (азыркы Эрдэни-Цзу калаасынан 50 км түндүгүндө Орхон дарыясынын сол жээгинде) табылган археологиялык буюмдар да ырастады. Эне-Сайлык кыргыздар 840-жылдардан кийин Түш. Сибирди жана Борбордук Азияда көп областтарды каратып алышкан. Алар түндук тарапта Красноярскиге чейин барышкан. Кыргыздарга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия — Байкал тарапты көздөй качып кетишкен. Алардын артынан кыргыздардын баргандыгын археологиялык табылгалар айгинелейт. Моңголиянын чыгыш райондорунун бириндеги Суджи дөңсөөсүнөн кыргыз акимине (же аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти. Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти)» (Орхон-енисей тексттери, Фр., 1982, 191-6.). Бул мүрзөнүн үстүндөгү ташка ыр түрүндө чегилген тексттин чоң мааниси бар. Убагында М. Ауэзов, А. Бернштам андагы Яглакар канды эпикалык баатыр Манастын прототиби дешкен эле.

Аларды сындагандар да болгон. Кийинчерээк «йаглакар» аттуу уйгур кагандыгын башкарган уруу этноними болгон-ДУГУ далилденди. Бирок, Суджи эстелигиндеги Яглакар кан ата уйгур жерине келген кыргыз акими, Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсү экендиги талашсыз. Анын аты м-н уйгурлардын йаглакар уруусунун этноними кокусунан төп келип калышы ыктымал. Суджи дөңсөөсүнө көмүлгөн атагы «батышка, чыгышка» тараган адам жонундөгү уламыштар, дастандар жаралып, кыргыздардын ичине кеңири тарап, узак убакыт жашагандай сезилет. Балким, М. Ауэзов ойлогондой Суджи эстелиги тургузулган мезгилде кыргыз элинин ажосунун жетекчилиги менен жетишкен жеңиштери тууралуу «Манас» эпосунун биринчи ырлары жаралган чыгар.

Кыргыздар Орду-Балыкты алгандан кийин уйгурлардын Уцзе тегин, андан кийин Эньянь башчылык кылган ири тобу Чоң Хинган жана анын түштук-батыш тарабында жашаган шивэй урууларына көчүп барууга аргасыз болушкан. Кыргыз каганы аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Анын биринчи министри Або башчылык кылган 70 миң жоокери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивэйлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш Гоби аймагындагы Барун Бичигт жергесинде аскага чегилген атчан жоокердин сүрөтү тартылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай кыргыздарынын эстеликтерине өтө окшош экен. В. В. Волков Гобидеги бул сүрөттү кыргыздардын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун Бичигттеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз отряды Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр. Эне-Сай кыргыздарынын 848-ж. Манжурияда жашаган шивэй урууларына жасаган жортуу-лу «Манас» эпосунда чагылдырылып калышы ыктымал. Бул ойду аныктоо үчүн 16-кылымдын башталышында Сейф-ад-Дин Аксыкенти жазган «Мажму ат-таварих» аттуу эмгектен айрым маалыматтарды келтирелик. Анда Манас баатыр менен Жолойдун согуштары баяндалган. Алардын биринде калмактар жеңилип артка чегинишет. Бирок, Жолой жаңы күч менен Ат-Башы аркылуу Кара-Кыштакка чабуул жасайт. Ага он миң солон, шивейлер жардамга келет. Буга карабастан Жолой жеңилип, Манастын найзасынан каза болот.

Бул окуялардан солон менен шивэйлер жонундөгү кабарга токтололук. «Мажму ат-таварихтеги» тарыхый каармандарды жана жазылган окуяларды негизинен 14—15-кылымдарда болгондугун аныктоого болот. Аларга Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар да катышкан. Ал окуялар «Мажму ат-таварихте» чагылдырылган. Бирок, ойроттордун 15-кылымдагы Моголистан менен согуштарына, алардын Орто Азияга жасаган жортуулдарына солон, шивеэйлер катышкан эмес. Ал жонундө тарыхый маалыматтар жок. Тогон, Эсен кандардын (15-к.) доорунда Ойрот мамлекети менен чыгыш Моңголия күч м-н убактысынча гана бириктирилген. Ал эми Манжурияда жашаган солон, шивэй урууларын ойрот кандары каратып алган эмес. Ырас, солон, шивэйлердин бир бөлүгү 1760-ж. Синьцзян аймагына көчүрүлүп, андагы элдер менен аралаш жашап калышкан. Ал эми 848-жылдан тартып «Мажму ат-таварих«жазылганга чейин (16-к.) алар менен кыргыздардын ортосунда эч кандай байланыш болгон эмес. Ошондуктан 19-кылымдын орто чениндеги Або жетекчилик кылган кыргыз жоокерлеринин шивейлерге жасаган жортуулу «Манас» эпосунда чагылдырылып калган байыркы тарыхый окуя деп атоого негиз бар. Айтмакчы солондор Ички Моңголияда, Чоң Хинган-дын чыгыш этектеринде шивэйлер менен коңшу жашашкан. Алар шивэйлерге жардам берип, Абонун жоокерлерине каршы согушка катышып калышы мүмкүн. Мына ошондуктан «Мажму ат-таварихте» солон менен шивэйлер калмактардын Манаска каршы союздашы катарында сүрөттөлүп калса керек. «Манас» эпосунда анын башкы каарманы ар тарапка, алыскы жерлерге жортуулга баргандыгы айтылат. Бул Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдардан кийин саясий жактан жогорулап турган доорду элестетет. 9-кылымдын экинчи жарымында Эне-Сай кыргыздары түндук-батышта азыркы Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемерево жана Новосибирск областарында табылган кыргыз вазалары, көрүстөндөрү айгинелейт. Ушул эле мезгилде алар Тоолуу Алтай аймагына кирип барышкан. Ага Усть-Кан районундагы Мөндүр-Соккон кыштагынан Торпок аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Эне-Сай кыргыздары батыш тарапта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог |Ф. X. Арсланова бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп көмүлгөн (бул Эне-Сай кыргыздарынын адаттары) көрүстөндөрдү изилдеген. Ушундай мүрзөлөр Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан табылган. Ошентип Эне-Сай кыргыздарынын мамлекетине батыштагы Иртыш дарыясына чейинки жерлер кошулган. Бул ири дастандарды жарата турган окуя. «Манас» эпосунда 9—10-кылымда болуп өткөн тарыхый окуялардан сүрөттөлүп калган экинчи фактыны (шивэй, солондордон кийинки) Эне-Сай кыргыздарынын ушул мезгилде саясий жактан жогорулап турган жалпы доору менен байланыштырса болот. Алардын Борбү Азияда ири мамлекетти түзүү учурундагы согуш ийгиликтери «Манас» эпосунун алгачкы вариантына негиз болушу ыктымал. Бул жонундө атактуу түрколог С. Е. Малов мындай деп жазган: «Эпос негизинен кыргыздардын тарыхында орчундуу окуялар өтүп жаткан мезгилде, атап айтканда б. з. 9-кылымда пайда болгондугу талашсыз». Бирок «Манас» эпосунда ошол доор-догу чагылдырылган окуялар бара-бара өзгөрүлүп, Эне-Сай кыргыздарынын 9 — 10-кылымдардагы согуш ийгиликтеринин жалпы фону, элеси гана сүрөттөлүп калгандыгы сезилип турат. Алардын ордуна Чыгыш Тянь-Шань, Жунгария, Жети-Суу жана Орто Азияда болуп өткөн тарыхый окуялардын сюжеттери кирген. Мындан тышкары «Манас» эпосундагы үчүнчү тарыхый фактыны «Кенжут» деген жердин аты менен байланыштырса болот. Рашид ад-Дин (13-к.). ж. б. авторлордун китебинде Жогорку Эне-Сай Кемжиют деп аталат. 9—12-кылымдарда анын аймагында Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү жашаган жер, дарыянын аты Кемжиют бара-бара («Манас» эпосунда) Кенжут болуп аталып калышы мүмкүн. Бул жонундөгүАуэзов Мухтар Оморханович|М. Ауэзовдун пикирине кошулса болот. Эми «Манас» эпосунда Тянь-Шань аймагында болуп өткөн тарыхый окуялардын чагылдырылышына токтолобуз. Биздин оюбузча бул эпостун жаралышы Эне-Сай кыргыздарынын Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Сууга көчүп келиши менен тыгыз байланышы бар. Чыгыш авторлорунун маалыматтары Эне-Сай кыргыздары Пан-тегин башчылык кылган уйгурлардын тобун кууп Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай өлкөсүнүн борборуна келген элчиси Табу мындай кабарды айткан: «(кыргыздар) Аньси (Куча).Бэйтин (Бешбалык), дада (Татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул маалымат 840-жылдары кытай имераторунун биринчи министри болуп иштеген Ли Дэ Юйдун өмүр баянында да жазылып калган. 843-ж. ажонун ордосуна барып келген императордун элчиси Чжао Фан да кыргыздардын Куча жана Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган.

1913-ж. окумуштуу Альберт Ле Кок Чыгыш Түркстандын (Кучанын батыш тарабындагы Кум-Тур кыштагынан) эки живопистин фрагментин тапкан. Ю. С. Худяков анын экин-чисиндеги соот кийинген жоокерлердин ак кийинген адамга кол салып жаткан сүрөтүн изилдеп, алардын тартылышы Миң-Суу (Мину-син) жана Тувада табылган эстеликтер менен окшош экендигин аныктаган. Ю. Худяковдун пикири боюнча Кум-Турдагы сүрөт Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдардагы согуш аракеттеринин убагында тартылышы ыктымал.

10-кылымдын аягында жазылган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу перс тилиндеги эмгектен төмөнкүдөй мазмундагы маалыматты окуйбуз: «Пенчул (азыркы үч-Турфан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогузгуздар (уйгурлар) ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле китепте кыргыздардын Жети-Суу өрөөнүндө, Чыгыш Түркстандын аймагында жашап тургандыгы жазылган.

Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү 19-к-дарда Тянь-Шань тоолоруна келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Жунгар Ала-Тоосунун жанындагы Текели шаарынан алыс эмес жерден 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10-кылымдардарда жасалыптыр. Бул буюмдар менен Чыгыш Казакстандагы Зевакино жана Бобровдогу кыр-гыздардын көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. Край таануучу А. М. Фетисов 1891-ж. Кочкор өрөөнүндө археологиялык изилдөөлөр жүргүзгөн. Анын тапкан буюмдары азыр мамл. Эрмитажда сакталып турат. А. Н. Бернштам бул буюмдарды 8—9-кылымдарда жасалып, алар Миң-Суу ойдуңундагы Копён Чаатастан казылып алын-ган ушундай археологиялык табылгаларга окшош экендигин далилдеди. Мындан тышкары А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюнан табылган № 102 Аламышык көрүс-төнү м-н Эне-Сай өрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин да аныктады. Анын пикири боюнча бул окшоштук Эне-Сай кыргыздарынын 10-кылымда Тянь-Шанга көчүп келгендигин айгинелейт. Жогорудагы келтирилген маалыматтардын ичинен Бешбалык шаары жонундөгү кабарга бурабыз. Биздин пикирибиз боюнча «Манас» эпосундагы Орду-Балыкка байланыштуу алгачкы сюжеттер бара-бара Эне-Сай кыргыздарынын Бешбалыкка карай жортуулундагы окуялар м-н алмаштырылып калса керек.

Бешбалык — Чыгыш Тянь-Шандын түндук этегинде орун алган байыркы ири шаар. Ал Кытай булактарында Бэйтин, мусулман китеп-теринде Бешбалык деп аталат. Анын уран-=дысы азыркы үрүмчү шаарынын жанындагы 9-кылымдын биринчи жарымында Чыгыш Түркстан өз алдынча майда саясий бөлүкчөлөр, шаар-мамлекетчелерге бөлүнгөн. 840-ж. канзаада Пан-тегин башчылык кылган уйгурлардын ири бөлүгү Батыш-Түш. Моңголия аркылуу Тарбагатай. тоолорунда жашаган кыргыздарга качып келишкен. Кыргыз жоокерлери аларды тынымсыз куугунтуктоого алышкан. Ошондуктан, Пан-тегин кол алдындагылары менен Тянь-Шань тоолорун карай качып барып, Куча, Бешбалык, Карашаарды ээлеген. Бирок, жогорудагы тарыхый маалыматтарга караганда кыргыз жоокерлери алардын артынан Тянь-Шань тоолоруна келип, уйгурларды Бешбалыктан тартып үч-Турфанга чейинки жерлерден сүрүп чыгарышкан. Пан-тегин башчылык кылган уйгурлар болсо Турфан ойдуңуна орношуп кыргыздар менен болгон согушту улантышкан. Алар 860-жылдары Бешбалык шаарын кайтадан ээлешкен. Ошентип, Чыгыш Тянь-Шандагы кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы согуш узакка созулган. Бул кармашуулар элдердин эсинде узакка сактала турган санжыра, дастандарды жарата турган окуя болуп саналат. Айтмакчы 840-жылдары уйгурлардын артынан Тянь-Шань тоолоруна келген Эне-Сай кыргыздардын бир бөлүгү Бешбалыктын түндук-батышынан тартып Аксу, үч-Турфан шаарларына чейинки жерлерде биротоло жайгашып калышкан. Аны чыгыш изилдөөчүлөрүнүн маалыматтары далилдейт. Тянь-Шань тоолоруна келген кыргыздардын негизги бөлүгү Манас ойдуңунан тартып жунгар тоолоруна чейинки аймакта көчүп жүрүшү ыктымал. Ал эми Манас дарыясы 10-кылымга чейин «Ли-и-дэ-цзянь» деген ат менен белгилүү болгон. 1223-ж. жазылган кытай автору Сю Сундун китебинде ал дарыя «Манас» деп аталып калган. Атактуу Елюй Чуцайдын уулу Елюй Си-лян бул дарыянын боюна 1261-ж. келген экен. Демек, Манас дарыясынын аты 10—13-кылымдардын аралыгында пайда бол-гон. Бирок ушундай эле географиялык ат Индияда, Түн. Кавказда да кездешет. Ушул себептен айрым окумуштуулар «Манас» эпосу менен Чыгыш Тянь-Шандагы «Манас» деген географиялык аттын ортосунда кандайдыр бир байланыш болуп калышын төгүнгө чыгарышат. Бирок, 840-жылдардан баштап кыргыздардын бир бөлүгү Манас өрөөнүндө жашап тургандыгы белгилүү. Балким алар Манас дарыясы куйган көлгө Манастын атын берген чыгар. Ал дарыянын боюндагы шаарга Манастын ысымынын берилиши да бекеринен болбосо керек. Манас шаары жонундө алгачкы маалымат «Мажму ат-таварих-те» кездешет. Андагы кабар боюнча 14-кылымдын акыркы чейрегинде Батыш Казакстан жана Волга боюндагы Алтын ордо мамлекетин башкарган Токтомуш кан Манас баатырга Манасия шаарын куруп берет. Чындыгында эле Токтомуш — кан Тимур менен көп жолу согушуп, О. Азияга бир канча жолу жортуул жасаган. Ушул мезгилдерде Чыгыш Түркстан, Жети-Суу жана Жунгарияны бийлеген Моголетан кандары анын союздаштары болушкан. Бул тарыхый окуялар «Мажму ат-таварихте» анча-мынча чагылдырылган. Бирок Манас щаарынын Токтомуш тарабынан негизделиишне ишенүүгө болбойт. Анткени, ал Моголстан мамлекетинин аймагында болгон да эмес жана башкарган да эмес. Манас шаарынын тарабынан курулганына карабастан анын 14-кылымга чейин эле бар экендигин танууга болбойт. «Мажму ат-таварихтеги» ар кандай асгендарлык маалыматтарга карабастан Манас:иаарынын Манас баатырга арналып негизделишинде кандайдыр бир али тарыхый данек бардай сезилет. Ч. Валихановдун жазып алган жаалыматы боюнча кыргыздар Манас шаарын жана жогорку Иртыштагы Манас жайлоосун Манас баатырдын ысмы менен байланыштырышат. Мында да чындыктын үлүшү болушу мүмкүн. «Манас» эпосунун биринчи — Чыгыш Тянь-Шанда, атап айткан Манас өрөөнүндө жашаган кыргыздардын арасында жаралса керек. Манас дарыясы агып чыккан тоолордун бир жак капталын байыркы Бэйтин — Бешбалык орун алган. Айрым манастаануучулар «Манас» эпосун-жжгы Бээжинди Пекин менен айкалыштырышат. Бул пикирдин негизи жок. Анткени Пекин Кытайдын «Түндүк борбору» катарында 1425-жылдан бери гана белгилүү. Ошол мезгилден тартып 18-кылымдын экинчи жарымына чейин кытай менен кыргыздардын ортосунда эч кандай карым-катнаш болгон эмес. Ал эми 840-жылдардан баштап Чыгыш Тянь-Шанда, айрыкча, Бэйтин-Бешбалык тарапта уйгур менен кыргыздардын ортосунда ири кагылыштар болуп тургандыгы маалым. О. эле кыргыздар Тянь-Шань тоолоруна келгенден кийин ислам, уйгурлар болсо будда динин кабыл алышкан. Бул окуя алардын ортосундагы күрөштү ого бетер курчуткан.

Жогорудагы айтылгандардын негизинде «Манас» эпосундагы Бээжинди Бэйтин-Беш-балык менен окшоштурууга болот. «Манас» эпосундагы Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Суу аймагында болуп өткөн тарыхый окуялардан чагылдырылып калган экинчи фактыны Беш-балыктан кийинки Каракара деген ат менен байланыштын бар экени Каркыра деген макалада айтылган.

«Манас» эпосунда Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Суу аймагында чагылдырылып калган үчүнчү тарыхый фактыны Караханийлер доору менен байланыштырса болот. 10-кылымдын орто ченинде чигил уруусунан чыккан Сатук Абд ал-Керим Карахан Ат-Башы — Кашгар айланасында Караханийлер мамлекетин негиздеген. Ал жана аны жактагандар Бухарадан качып келген Саманийлик канзаада Абу Насрдын жардамы менен мусулман динин кабыл алыш-кан. Алар каапырларга каршы күрөш урааны менен Кашгария, Борб. Тянь-Шань ж-а Жети-Сууну каратып алышкан. Сатуктун мурасчы-лары 10-кылымдын аягында батышта Аму-Дарыяга чейинки жерлерди жеңип алышкан. 1020-жылдары Караханий Жусуп Кыдыр кан Газневий султан Махмуд менен жолугушуп, ошол мезгилдеги Орто жана Кичи Азиядагы эң ири мамлекеттик башкаруучулары өз ара милдеттенмелерди кабыл алышкан. Алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр Манастын Аму-Дарыянын боюндагы Акун кан менен жолугушкандагы милдеттенмелер менен өтө окшош. «Манас» эпосунда Караханийлер мамлекетинин борбору Баласагун (азыркы Токмоктун түштүк тарабындагы Буранада) ж-а Саманид Абу Насрдын ысымдары да кездешет. Бул эпостогу алардын аттары китептердеги маалыматтар аркылуу кошулуп калган болбосо, анда Баласагун жана Абу Наср Караханийлер доорунан чагылдырылып калган тарыхый факт болуп эсептелет. Кандай болсо да «Мажму ат-таварихтеги» Манас баатырдын диний насаатчысы Айкожону Саманид Абу Наср менен окшоштурууга болот.

Караханийлер доорунда Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Сууда жашаган кыргыздар мусулман динин кабыл алышкан. Аны 11 — 12-кылымдардын аралыгында жашаган ал-Марвазинин маалыматы далилдейт. Жогоруда Эне-Сай кыргыздары каза болгондорун өрттөп көмгөндүгү жонундө археологиялык фактылары кел-тирилди. Ал-Марвази, бул алардын мурунку салты болгон, ал эми кыргыздар мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрүн көмүү адатына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам Караханийлер кагандыгынын мамл. дини болуп 11-к-да чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар мусулмандардын кошунасы бол-гондуктан алардын таасири астында каза бол-гондорун көмүү салтына өтүшкөн. Ошентип, «Манас» эпосуна ислам дини үчүн күрөш урааны 9-кылымда кирген деген туура болот. Ырас, тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар 16-кылымда да мусулман болушкан эмес. Алар менен бирге Моголстан мамлекетинде жашаган көп элдер да башка диндерге сыйынышкан. Бул өзгөрүштү Караханийлер доорунда мусулман динин кабыл алган көп уруулар ар кандай себептер менен башка диндерге өтүп кетиши менен түшүндүрсө болот. Алардын ичинде тянынандык кыргыздар да 13-кылымдан кийин ислам дининин калдыктарын сактоо м-н бирге мурунку көп кудайга сыйынуу адаттарына өтүшсө керек.

«Манас» эпосунун жаралыш доору биздин оюбузча эпостун алгачкы сюжеттери 840-жылдардан кийин түзүлө баштаган. Аларда ошол мезгилдеги Эне-Сай кыргыздарынын саясий жактан жогорулап турган доорундагы согуш окуялары баяндалышы мүмкүн. Манас баатыр Орду-Балыкты ээлеген кыргыз каны, аскер башчысынын прототиби болушу ыктымал. Болжол менен Манас» эпосунун биринчи варианты Караханийлердин саясий жактан күчөп турган доорунда, б. а. 11-кылымдын биринчи жарымында түзүлүп бүткөн. Андагы мурунку сюжеттер бара-бара Тянь-Шань аймагында болуп өткөн тарыхый окуялар менен толуктал-ган. «Манас» эпосу Манас өрөөнү жана анын батыш тарабында жашаган кыргыздардын арасында жаралган. Алар менен уйгурлардын ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасында «Манас» эпосундагы Орду-Балык жонундөгү ырлар Бешбалык-Бэйтинге байланыштуу окуялар менен алмаштырылып кетиши мүмкүн. Перс автору Джувейнинин (13-к.) маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй-Даши 1120-жылдары чыгыштан уйгур Тур-фан княздыгы аркылуу келе жатып кыргыздарга жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Жунгариядагы Эмиль өрөөнүнө келип токтогон. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Караханийлердин борбору Баласагунду, Кашкарды ж-а Хотанды каратып алып, кыргыздарга каршы жоокерлерин жиберген. Алар кыргыздарды жана Бешбалыкты жеңип кайтып келишкен. Бул окуя «Мажму ат-таварихте» чагылдырылып калган. Андагы легенда боюнча имам Ибрахим гурханга каршы күрөшкө Тянь-Шань ж-а Ферганада кыргыздардын оң жана сол бөлүгүн уюштурган. Имам өзү 1136-ж. дүйнөдөн кайткан. 13-к-да Ал-малык шаарында (Или өрөөнүндө) жашаган Жамал Каршинин маалыматы боюнча Чыгыш Караханийлердин каганы Ибрахим ибн Ахмед да кара кытайларга каршы согушта шейит болгон Бул «Манас» эпосунда сүрөттөлүп келген кыргыз менен кытайлардын кагылышууларына гурхандын 1120-жылдары Тянь-Шань аймагында жашаган мусулмандарга каршы жасаган жортуулдары негиз болуп калган. Кара кытайлардын О. Азия элдеринин айрыкча кыргыздардын арасына сиңип кетиши да бекеринен эмес. 0. Азиялык автор Абд ар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдардын аралыгында Моголстанга жасаган жортуулу жонундө баяндалган. Андагы маалымат боюнча Искендер Хотандын жана Или өрөөнүндөгү Алмалыктан ондогон сулуу айымдарды, кыргыздар менен Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт «Мажму ат-таварих» жазылардан жүз эле жыл мурун кыргыздардын Бешбалык шаарына чектеш жашап турушканын далилдейт. Демек, Эне-Сайдан Тянь-Шань тоолоруна 840-жылдары көчүп келген кыргыздардын негизги массасы Бешбалыктын түн.-батыш тарабын, тактап айтканда Манас өрөөнүн мекендеп калышкан.

«Мажму ат-таварих» м-н «Манас» эпосунун варианттарында моңгол доорунан кийинки тарыхый окуялар, айрыкча кыргыз ж. б. Орто Азия элдеринин калмактарга каршы күрөшү көбүрөөк чагылдырылып, алар мурунку сүрөттөлгөн сюжеттерди сүрүп чыгарышкан. Мындан «Манас» эпосунун мазмуну улам жаңыланып, толукталып тургандыгын, анын башкы каарманы Манас биздин доорго жакындаган сайын чыныгы тарыхый баатырдын эпикалык каарманга айланып кеткендиги байкалып турат. Жыйынтыктап айтканда «Манас» эпосунун биринчи варианты болжол менен 840-ж. 11-кылымдын аралыгында жаралган. Анын алгачкы сюжеттери тарыхый окуяларга негизделген.

Бирок, алардын мазмуну бара-бара кыргыз менен уйгурлардын, кара кытайлардын Тянь-Шань аймагында болгон кагылышуулардагы фактылар менен алмаштырылган. «Манас» эпосу Манас өрөөнү жана анын батыш тарабында жашаган кыргыздардын арасында жаралган. Андагы Бээжинди Бешбалык шаары менен окшоштурууга тарыхый негиз бар. Кыргыздардын караханийлердин таасири менен мусулман динине өтүшү «Манас» эпосунун маз-мунуна ири өзгөрүштөрдү кийирген. 13-кылымдан кийин Орто Азия моңгол, айрыкча ойрот калмактардын чабуулуна байланыштуу «Манас» эпосунда Эне-Сай кыргыздарынын, караханийлердин жана кара кытайлардын доорундагы сюжеттердин дээрлик бардыгы алмаштырылган. Жогорудагы тарыхый фактылардын негизинде «Манас» эпосун мындан миң жыл мурун жаралган деп айтууга болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)