Манас эпосундагы астрологиялык түшүнүктөр

Манас эпосундагы астрологиялык түшүнүктөр — асман телолорунун (жылдыздардын) жайгашуусу менен тарыхый окуялардын, адамдардын жана элдердин тагдырынын ортосундагы байланыштар жөнүндө окуу. Кыргыз элинин уламыш, эпосторунда А-лык түшүнүктөр маанилүү орунду ээлейт. Элдин Ай, Күн, Чолпон, үркөр, Жетиген, учуучу жылдыз, куйруктуу жылдыз жана башкалар көптөгөн асман телолору тууралуу көркөм поэтикалуу мифтерди, уламыштарды жаратышы ушуга далил. А. окуусу жарык чыгаруучу асман телолорунун, айрыкча планеталардын жайгашкан ордуна карап туруп, башталуучу иштин аягы эмне жыйынтык менен бүтөрүн, кишинин же бүтүндөй бир элдин келечек тагдырын алдын ала айтууга негизделген. Астрологдордун ою боюнча Күн, Юпитер, Сатурн, Марс, Чолпон, Меркурий, Ай адамдардын келечек тагдырына өз таасирлерин тийгизет. Жашырын сырдуу күчкө ээ болушат. Алар Күн баштаган жети планета менен 12 топ жылдыздын (зодиак) абалына жана алардын өз ара жайгашуусуна жараша баланын (адамдын) келечегин аныктоочу кура (гороскоп) түзүшкөн. Мындай кура алдыда боло турган согушту кайсы учурда баштоо ыңгайын билүүдө, жайлоого көчүү жана кыштоого кайрадан кайтууну аныктоодо, эгин оруп-жыюуну белгилөөдө да пайдаланылган. Мына ушундай жагдайлардан А-лык түшүнүктөр пайда болгон жана эл арасында кеңири таралган. Кыргыздар кура түзүүдөгү эсеп, чиймелерди өзүлөрүнчө күчтүү мамлекет болуп турганда билишсе да кийинки кылымдарда, белгисиз себептердин натыйжасында унутуп коюшкан. Бирок, ошого карабастан алар А-лык билимдин айрым ыкмаларын, жолжоболорун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, билим деңгээлдерине, турмуштук шартка ылайыкташтырып колдонуп келишкен. «Манаста» «Оң чекеден Күн чыгып, сол чекеден Ай чыгып, Тогоол болуп, бул экөө Белги болуп алыптыр», — деп айтылат. Мында баатырдын төрөлүшү алдындагы түшкө кирген Күн менен Айды, бул асмандык кубулуштар аркылуу анын келечегин бактылуу, таалайлуу болорун белгилеп өтүүдө. Ата-бабаларыбыз «ар бир адам белгилүү бир жылдыз жарыгынын алдында туулат, анын жандоосу менен өнүгүп, өсө баштайт, ал жылдыз канчалык бийик жайгашса, бөлөктөрдөн айырмаланып турса, ошол адамдын жолу шыдыр болот» дешкен. Иши алга жылып, бакыт, дөөлөт курчаган кишини «Жылдызынын өтө бийиктелиши» же жөн эле «Айы оңунан тууган» (Кол жазмалар фондусу, 3032-инв., 9-б., Юдахин К. К. Киргизско-русский словарь. кн. 1, 26-б.), — деп коюшкан. Кыргыздардын асмандагы жылдыздарды карап, жортуулга чыгуучу күндү белгилеши «Манас» эпосундагы далычы Таргылтаздын: Ушул быйыл аттанба, Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен, Бул чыканактай канкор кул, Жылдызга оңдоп салыптыр (Радлов жазып алган вариант, 197),— деп Жолойго айтканынан ачык байкалат. Мында Жолойдун жортуулга чыккан учуруна мүчөл жылы бап келгени жана минген атына айдын каршы келгени аныкталганы белгилүү болуп турат. Бул мисалдан «Манас» эпосунда өткөндөгү ата-бабаларыбыздын А-лык түшүнүктөрү чагылдырылганы байкалат. Кыргыз элинин астрологиялык түшүнүктөрү жөнүндө сөз болгондо Чолпон жылдыз тууралуу легенда-мифти да келтире кетүү кызыктуу. Легенда — миф боюнча Чолпон жылдыз түпкүлүгү жерде жашаган, зээндүү, сергек, өтө сулуу кыз болгон. Көпчүлүк эл бул кыздан дайыма акыл сурап, кеңештерди алып турушкан. Нечен жигиттер анын сулуулугуна, акылына кызыгышып, ага үйлөнүүнү ниет кыла башташат. Акырында алар «мен алам, мен алам» дешип чыр-чатак чыгарышкандыктан, Чолпон аларга наалат айтып, көккө жылдыз болуп учуп кетет. Бирок, ал көктө дайыма эле бир жерде, бир калыпта учурабайт. Айдын онуна чейин он жерде: биринде арбий жанубида болуп, төрт аяк, төрт кадам жактарда которулуп жылып, тогузунда Жерде, онунда асманда болот экен. Анын «билсең билдирем, билбесең бүлдүрөмүн» деген шарты боюнча Чолпонду ар бир эле киши унутпоого жана аткарууга милдеттүү (Кол жазмалар фондусу, 359-инв., 313-б.). Ошондон калк арасында тогуз деген сан сыйкырдуу делип, ага чоң маани берилип калган. Кыргыздар байыркы замандан бери эле бирөөгө мүлк берсе, кудалыкка мал алып барса же белгилүү бир күнөөнү, жазаны тартса, өзгөчө, кун төлөсө аны дайыма тогуздап берүүгө, айып тартууга туура келген. Мисалы, «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашы сыяктуу чоң жыйындарга кызмат өткөргөндөрдүн «Акысын санап дал алып, Алты тогуз мал алып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 147) ыраазы болгондугу көрсөтүлөт. Же Манастын күйөөлөп барган жеринен келтирели: Кудагыйдын жолдошун Тогуз берип тыналык. Тогуз байтал бир бөлөк Соё турган тою ушул (Сагымбай Орозбаков, 2. 390—391). Илгертен бери эле элде канга айрыкча сый кылып атан төө, жорго, күлүк ат, бүркүт, шумкар, асыл сапаттуу буюмдар (алтын, күмүш жана алар менен кооздолгон бешик, ээр токум, жүгөн жана башкалар), баалуу аң терилерди (илбирс, сүлөөсүн, суусар, кундуз жана башкалар) тартуу кылууда дайыма тогуздап алып барышканы («Кан тартуусу тогуздан» деген макалга ылайык) маалым. Кыргыздарда илгертен бери эле оор мүшкүлгө дуушар болгон адам андан кутулуу үчүн «тогуз токоч баабедин», — деп угуза айткан. Мунун баары, байыркы мезгилден баштап Чолпон жылдызы жөнүндөгү айтылган окуянын элдин аң-сезимине терең сиңип кетүүсүнөн болуу керек. Муну элдин ага кулдук уруп, Чолпон жылдызына жакпаган жаңжал, чыр-чатактардан оолак болууга жасалган аракет катары түшүнүү абзел. Суук көздөн (көз тийгенден) коргоп, Чолпон өзү колдойт деген ой менен жалгыз эркек баласынын же сулуу кызынын мойнуна, билегине тогуз кызыл мончок тагышканы да ушундан болуу керек. Кыргыздарда мыкты күлүк атты, атактуу жоргону ар түрдүү кырсыктардан сактоодо да жалаң гана «Камбар атага» сыйынышпастан, ошондой эле Чолпондон жардам күтүшкөн. Муну төмөнкү ыр саптардан байкоого болот: «Торкодон үртүк жаптырган Тогуздап тумар тактырган. Тобурчактан бир канча» (Кол жазмалар фондусу, 5166-инв., 17 —18-б.). Демек, ушул сыяктуу көптөгөн фактылар Чолпон жылдызына байланыштуу келип чыккандыгы талашсыз. Астрономия — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт: Асман менен Жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен Күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй. Асмандагы Ай-Күндүн, Жаркынынан бүткөндөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 148). Манастын сымбатына карата салыштыруунун эң элестүү үлгүлөрү берилет да, анын элеси Аалам Жер менен ажырагыс экендигин айгинелеп турат. Аалам түзүлүшү менен кооз. «Манас» эпосунда Каныкейдин келбети: Ай чырайлуу, бото көз, Кызыл жүзү нурданган. Кыпча бели буралган, Кырк бир кыздын ичинен Артык турат жылдызы (Сагымбай Орозбаков, 23. 54), — деп ааламдын атрибуту болгон Айга салыштырылат. Жылдыздар сыйкырдуу, асманда канча жылдыз болсо, жер жүзүндө ошончо адам жашайт, ар бир адамдын өзүнө гана таандык жылдызы бар, нак ошол жылдыздан пайда болгон учурунда жанды алып келип денеге киргизип кетет имиш, көктөн учуп түшкөн жылдыз, жердеги кишинин өлгөнүн билдирет деген ишенчээк түшүнүк «Манас» эпосунда туусун колдон алдырып, жеңилип, баш ийген душмандарын: «Капырлардын бу күндө Башынан качып сыймыгы Жерге түштү жылдызы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 291),— деп кулаган жылдыздарга теңешкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)