Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамытов Аман

Баш барак | Биографиялар | Мамытов Аман

Мамытов Аман(1927-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - агроном, айыл чарба илимдеринин доктору (1962), профессор (1963), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академик (1961; корр. мүчө, 1954), ВАСХНИЛдин (азыркы Россия айыл чарба академиясы) академик (1978; корр. мүчө, 1973), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). 1949-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн. 1953-жылдан Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын топурак гаануу бөлүмүнүн башчысы. Анын демилгеси менен ушул бөлүмдүн базасында Кыргызстан топурак таануу илимий изилдөө институту түзүлгөн (1966). М. 1980-жылга чейин ушул институттун директору. 1974-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын президиумунун мүчөсү, 1978—85-жылы вице-президенти, 1987-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын акад.-секретары, ошондой эле Биология институтунун тоо топурагынын пайда болушун изилдөө лабораториясынын башчысы.

1980-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын химия-технологиялык жана биологиялык бөлүмүнүн төрагасы, 1992-жылдан ошол эле мезгилде Тоо топурактарын таануу интунун директору. ЮНЕСКОнун программасы боюнча республикалык «Киши жана биосфера» комитетинин төрагасы, «ЫсьпсКөл» комплекстүү программасынын илимий жетекчиси. М. Кырг-нда топурак таануу илимине негиз салуучу. Эмгектери Кыргызстан топурагын системалоо, классификациялоо, күрдүүлүгүн жогорулатуү, айыл чарба тармактарын ырааттуу жайгаштыруу жана жер кадастарын түзүү иштерине арналган. илимий иштерин ТеңирТоо топурагын изилдөөдөн баштаган. М. ЗООдөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 20дан ашьпс монография) автору. Монографиясынын бири англис тилине которулуп, Америкада көп тираж менен (36 б. т.) басылып чыккан. Анын «Поч, венные ресурсы и вопросы земельного кадастра Киргизской ССР» (1-басылышы, 1972; 2-бас., 1974) деген китеби В. Р. Вильямс атындагы алтын медалды жеңип алган (1982). Эки Эмгек Кызыл Туу, Эл Доөтугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1231, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо