Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мамырбаева Турсун Турганбаевна

Мамырбаева Турсун Турганбаевна (21. 4. 1957, Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) – медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2002). КМИИни бүтүргөн (1980). Тоң районунда (1982) жана Прежевальск (азыркы Каракол) шаарында (1983) участкалык балдар врачы болуп иштеген. 1983–85-жылдары Москвадагы СССР Медицина академиясынын Педиатрия ИИИде клиникалык ординатурада, 1985–88-жылдары аспирантурада, докторантурада 1989–2002-жылдары окуган. Акушерлик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер (1989– 92), КММИде окутуучу (1992–97), Респ. врачтарды кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу КММИде доцент (1998–99), 2002-жылдан Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунда профессор. Балдар оорусу боюнча адис. 80дей илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 10 методикалык көрсөтмөлөрү бар. Эмгектери: Нарушение питания у детей (в соавторстве) Б., 2002, Мониторинг положения детей и женщин в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б. 2006, Питение детей раннего возраста (в соавторстве). Б. 2008.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)