Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу – министрликтердин, ведомстволордун ж. б. уюмдардын, ошондой эле жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоолоруна көзөмөл жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан ишке ашырылат. М. с.-э. к. а.: КР мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү, санитардык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын, мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатында статистикалык байкоо жүргүзүүнү, мамлекеттик маалымат ресурстарын жана башка иш-чараларды калыптандыруу максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо тармагынын , жашаган чөйрөлөрүнүн зыяндуу таасирлерине байланыштуу жугуштуу илдеттердин, кесиптик оорулардын, жугуштуу эмес (уулануу) жапырт оорулардын статистикасын мамлекеттик эсепке алууну камтыйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)