Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамбеталиев Молдакун

Баш барак | Биографиялар | Мамбеталиев Молдакун

(1906, АтБашы району, Ат-Башы айылы -1964, Бишкек ш.) - мамлекеттик ишмер. 1936-жылдан Нарында комсомол жана партиялык иштерде иштеген. 1936—37-жылы Москвада СССР Эл комиссарлар советинин Даярдоо комитетинин борбору курсунда окуган. Аны бүтүргөндөн кийин бир нече ай Лейлек районунда СССР ЭКСнин өкүлү, кийин 1946-жылга чейин СССР даярдоо эл комиссариатынын Кыргыз ССРи боюнча даярдоо бөлүмүнүн башчысына орун басар, ревизор, начальник. 1946—49-жылы Ысык-Көл облустук эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1949—56 жана 1958—61-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1956—58-жылы Москвада КПСС БКнын курсунун угуучусу, 1961—62-жылы Кыргыз ССРинин Көзөмөлдөө Комиссиясынын төрагасы. 1962—64-жылы Кыргызстан КП БКнын партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын орун басары. М. Кызыл Жылдыз, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты (1947—67).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 521, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо