Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамбетаипова Шакен

Мамбетаипова Шакен(1936-жыл, Тоң району, Туура-Там айылы – 1995 Бишкек шаары) – сүрөтчү-прикладчы, акын, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1992), маданиятка эмгек сиңирген ишмер (1975). Бишкектеги сүрөчүлөр окуу жайын бүткөн (1970). Эмгек жолун 1960-жылы Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрикасында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылы Ош шаарындагы жибек комбинатында сүрөтчү, 1969-1973-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өнөр жай министирлигинде башкы сүрөтчү. 1973-жылдан башкы конструктор, 1976-жылдан эркин чыгармачылыктагы сүрөтчү. “Кыял” көркөм өндүрүш бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири. Ал 1963-жылдан бери ар кандай көргөзмөлөргө катышат. Анын колунан жаралган “Төөчөн кыз”, “Мейман күтүү”, “Ак кеме”, “Кыз куумай”, “Ашкана” жана башака чий паносу, “Айдыңкөл”, “Ак бугу”, жана башка, шырдактары, баркытка сайылган “Гүлдөр дүйнөсү” деген саймасы, Ч. Айтматовдун портрети жана башка чыгармалары республикалык, союздук жана чет элдик (Монголия, Япония, Америка, Польша, Румыния ж.б.) көргөзмөлөргө катышып, жогорку сыйлыктарга ээ болгон.

Акын катары “Кыргыз пейли”, “Ырлар”, “Байыркы жылдыздар”, ж.б. жыйнактардын автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 952, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо