Мамбетаалы (Көкчеке) Ашымбай уулу

Мамбетаалы (Көкчеке) Ашымбай уулу (1897-1969)

Чоюке, Жүгөрү, Кайдуу, Шапак, Дыйканбай өңдүү манасчылардан таалим алган, белгилүү манасчы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасынын ээси - Мамбетаалы Ашымбай уулу бугунун арыкмырза уруусунун сейтказы уругунан. Ал 1897-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган. Мамбетаалы манасчыдан "Манасты" жазып алуу иши 1962-жылы башталган. Андан эпостун "Манас" бөлүмүнөн, "Манастын Каныкейге үйлөнүшү", "Көкөтөйдүн ашы", "Алмамбеттин аңгемеси", "Коңурбайдын чабуулу", "Манастын өлүмү" деген эпизоддору, ал эми "Семетей" эпосу ырааты менен, дээрлик толук турдө жазылып алынган. Мамбеаалы Ашымбай уулу 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, ошол жылдан тартып 1941-жылга чейин Ысык-Көл областык драмтеатрында иштей баштаган, кийин ден соолугуна (кызыл жүгүрүк оорусу менен ооруп) байланыштуу өз айылына көчүп келүүгө аргасыз болгон. Ошону менен өмүрүнүн соңуна чейин Баатырларын жар салып жүрүп, 1969-жылы өз айылында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)