Мамарасулов Сабиткул

М, Сабиткул (1911, Сузак району, Сузак кыштагы. -1975, ошол эле жерде)-колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекен согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-ж. Сузак районундагы Леняй атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1930жылдан пахта өндүрүүчү бригаданын звено башчысы. 1946-жылы ал жетектеген звено 5 га аянттын ар гектарынан 64 цден, 1947-жылы 4,76 га айанттын ар гектарынан 90,2 цден пахта жыйнап алган. 1948-59-жылдары Ленин атындагы колхоздун председатели.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Төрт Ленин ордени. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)