Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамакеев Мамбет

Баш барак | Биографиялар | Мамакеев Мамбет

Мамакеев Мамбет(1927-жылы туулган, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) - хирург; медициналык илимий доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академик (1993; корр. мүчөсү, 1989). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987). Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн (1952).

1952—55-жылы КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955—58-жылы аспирант. 1958—72-жылы ошол кафедрада ассистент, доцент. 1972-жылдан кафедра башчы. М. 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. негизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле оорулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башкалар эмгектеринин мааниси чоң. Кыргыз Республиканын эмгек сиң. врачы (1973). Респ-лык хирургдар коомунун төрагасы (1980).

1975-жылдан Кыргыз Республиканын Жогорку кеңешинин депутаты Кыргыз Республиканын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 2535, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу