Малиновский Родион Яковлевич

Малиновский Родион Яковлевич 11(23) 11. 1898, Одесса – 31. 3. 1967, Москва – советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун маршалы (1944), эки жолку советтик Союз. Баатыры (1945, 1958). 1-дүйнөлүк жана жарандык согуштун катышуучусу. 1930-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүткөн. 1916-жылы орус экспедициялык корпусунун курамында Францияга жиберилген. 1919-жылы Россияга кайтып келип, Кызыл Армиянын катарына кирген. 1917–22-жылдары жарандык согушта 27-аткычтар дивизиясынын курамында А. В. Колчак аскерлерине каршы күрөшкөн. 1937–38-жылдары Испаниядагы жарандык согушка республикалык өкмөт тарапта катышкан. 1939-жылдан М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясында окутуучу болуп иштеген. 1941-жылдын март айынан 48-аткычтар корпусунун командачысы. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнь айынан катышкан. 1941-жылдын август айынан 6-армиянын, 1941-жылдын декабрынан 1942-жылдын июлуна чейин Түштүк фронттун, 1942-жылы августтан октябрга чейин 66-армиянын командачысы, 1942-жылы октябрь – ноябрь айларында Воронеж аскер фронтунун командачысынын орун басары, ноябрь айынан 2-гвардиялык армиянын командачысы, 1943-жылдын февралынан Түштүк фронттун, марттан Түштүк-Батыш (1943-жылы 20-октябрдан 3-Украин фронту деп аталган) фронттун аскер командачысы болуп, Украинанын оң жээгин, Донбассты, 1944-жылдын май айынан 1945-жылдын май айына чейин 2-Украин фронтунда Румыния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияны фашисттик баскынчылардан бошоткон. 1945-жылдын июлунан Забайкал фронтунда аскер командачысы катары Япониянын Манжуриядагы армиясын талкалашкан. 1945–47-жылдары Забайкал-Амур, 1947–53-жылдары Ыраакы Чыгышта башкы командачы, 1953–56-жылдары Ыраакы Чыгыш аскер округунда командачы, 1956–57-жылдары СССР Коргоо министринин 1-орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1957–67-жылдары СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (2–7-шайланышынын) депутаты. Сөөгү Кызыл Аянтта Кремль дубалына коюлган. «Алтын Жылдыз» медалы, 5 Ленин ордени, Жеңиш, 3 Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Кутузов ордендери, чет мамлекеттердин 16 ордени менен сыйланган. Одессада колодон бюсту тургузулган. Ысмы Москва, Киев ж. б. шаарлардын көчөлөрүнө ыйгарылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)