Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Малгундар

Малгундар (cuclopoida) – калак бут рактардын түркүмү. Узундугу 1–8 мм. Денеси баш, көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Денесинин алдынкы бөлүгүндө оозу, жалгыз көзү, жуп муруту, мурутчалары жайгашкан. Мурут жана мурутчалары сезгич түтүктөр менен жабдылган. Алар жыт сезүү жана кыймылдоо кызматын аткарат. Бүт денеси аркылуу дем алат. Ургаачысынын курсагынын астында 2 энелик капчыгы болуп, ага жумурткасын тууйт. 250 түрү көбүнчө тузсуз суу түбүндө, суу түбүндөгү өсүмдүк арасында жашайт, бир азы планктондор. Көбү жырткычтар, майда омурткасыздар жана өсүмдүктөр менен азыктанат. Кээ бир деңиз малгундары жарык чыгарат. Айрымдары балык жана омурткасыздарда мителик кылат. Кээ бири мите курттардын аралык ээси. Балыктарга жем.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)