Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Малды жайытта багуунун шарттары

Баш барак | Ветеринария | Малды жайытта багуунун шарттары

Жайытта багуунун мааниси. Малдын жайытта багышы ар дайым тынымсыз кыймылда болуунун, таза аба менен көк чөптүн болушунун жана күндүн нурунун тийишинин натыйжасында, малдын жалпы абалына, өнүгүп өсүшүнө жана азыктуулугуна жакшы таасир көрсөтөт. Ошонун натыйжасында малдын денеси чыңдалып бышат. Анын организмин ооруларга туруктуулугу көтөрүлүп, азыктуулугу артат. Малдын жайытта багылышы өзгөчө жаш малга жакшы таасир көрсөтөт. Малдын жайыттагы багылышы алардын тукумдуулугун жогорулатат.

Жайыттарга карата кылынган талаптар. Жайыттарды туура пайдаланганда чөбү жетиштүү, малдын ушул түрүнө оттоого жардамдуу болгон учурда гана жайытта багуунун натыйжасы жакшы болот. Жайыттар малдын инфекциялык жана инвазиялык ооруларынан таза, жаан-чачын болгондо коргологудай бастырмалар менен камсыз кылынып, малды сугаргыдай жайы жабдылууга жана таза суусу болууга тийиш. Жайыттар тикендүү бадалдардан, ыпыр-сыпырлардан, жана өсүмдүктөрдүн чириген калдыктарынан тазаланган болууга тийиш.

Малды чыгарууга жайыттарды даярдоо. Малды чыгарууга чейин жайытты карап чыгып, анын жардамдуулугун белгилешет. Бардык мезгилге карата айыл өкмөтү тарабынан жайытты пайдалануу планы (графиги) түзүлөт, ал аймактарга бөлүнөт. Малды чыгарууга чейин жайытты жабдуу, тазалоо жана жайытты камсыздандыруу запасын даярдоо боюнча керектүү иштерди өткөрүү зарыл.

Жайытта уулануудан сактануу. Кыргызстандын жайыттарында өтө оор, көп учурда өлүмгө алып келүүчү ооруларды пайда кылгыдай уу чөптөрдү (өсүмдүктөрдү) кезиктирүүгө болот. Кээ бир уу чөптөр жыл бою, кай бирлери гүлдөгөн мезгилинде же уулу мөмөлүүлөр жетилип бышкан убакта ууландырат. Жайыттарды изилдеп текшерген кезде уу өсүмдүктөрдүн сезонго байланышкандыгын так белгилеп, буларга ал участокту пайдалануу планын түзүүгө зарыл. Уулу жана зыяндуу өсүмдүктөр менен күрөшүү ишин үзгүлтүксүз уюштуруу зарыл, буларды физикалык методдордун (түбүнөн бери казуу, өрттөө, жерди кайрадан айдоо) биологиялык жолдун (көп жылдык өсүмдүктөрдөн себүү, мелиорацияны жүргүзүү, жайытты кургатуу) жана химиялык куралдын (гербециттер) жардамы аркылуу жоготушат.

Жайыттардын түрлөрү. Жайыттар табигый жана жасалма жайыттарга бөлүнөт. Кыргызстандагы жайыттардын ичинен кургак өрөөндөрдөгү, талаадагы, тоодогу жана бийик тоодогу жайыттардын бөтөнчө мааниси бар. Жасалма жайыттарда бедени, люцернаны, аралаштырылган ар түрдүү чөптөрдү аралаштырылган чанактуулар, дан өсүмдүктөрү жана башка маданий өсүмдүктөр айдалат. Жай бою малды кок тоют менен камсыз кылуу учун «жашыл конвейердин» системасын колдонушат, бул учурда май айына чейин көк тоютту (чөптү) үзүлтүксүз биринин артынан бирин алгыдай кылып өсүмдүктөрдүн түрүн тандап алып себишет. Мүйүздүү ири малга ботаникалык составы ар түрдүү жана чанактуу өсүмдүктөрү басымдуулук кылган жайыттар жарамдуу келет, мындай жайыттардын чөбү мол, оттуу болот. Мүйүздүү малга чөбү кычкыл болгон саз жайыттары жана нымдуу жайыттар жарабайт. Жылкылар үчүн бети тегиз, дан өсүмдүктөрү басымдуулук кылуучу тааладагы, кургак өрөөндөгү, шалбаа жерлердеги жана тоодогу жайыттар ылайыктуу болот. Аларга саздуу, нымдуу жана рельефинде жары көп жайыттар жарамсыздык кылат. Жүн жана эт-сүт багытындагы койлор үчүн чөбү жапыс, калың, боб жана дан чөбү көп тоо жана бийик тоо жана бийик тоо жайыттары ылайыктуу келет. Койлор тегиз талаадагы чөбү жакшы жайыттарды да пайдаланышат. Чөбү суюк, кургак болгон нымдуу, саздуу жайыттар, талаа жана шордуу жайыттар жүн жана эт-жүн багытындагы койлорго жарамсыздык кылат. Нымдуу, саздуу жайыттар койлордун бардык породалары (тукумдары) үчүн жарабайт.

Жайытта малды күтүү. Жайытта багууда болуучу негизги талаптары төмөнкүлөр: жаюу техникасы туура колдонуу (тыгылыштырбастан кеңири «форонт» боюнча жаюу), күндүн ысык тийген убагында көлөкөгө киргизүү, түнкүсүн жаюу, жаан-чачын күндөрдө жабык короого киргизүү, малды үзгүлтүксүз сугаруу, минералдык тоюттарды кошумчалап берүү, бодо малдарды тазалап туруу. Кенелер жана мителер менен күрөш жүргүзүү. Малдын туяктарынын абалына көз салып туруунун жана өсүп кеткен туякты өз убагында тазалап кесип туруунун өзгөчө мааниси бар. Жайыт мезгилинде малга минералдык тоюттарды биринчи иретте тузду (суткасына мүйүздүү ири малга - 40 гр, жылкыларга - 20гр, койго(10-15 гр) үзгүлтүксүз берип туруу керек. Кыргызстандын шартында йоддолгон тузду талкалап берүү зарыл, себеби-йоддун жетишсиздиги малды ооруга чалдыктырып, анын азыктуулугун бир кыйла төмөндөтөт. Тоо райондорунун бир кыйласында малга фосфор менен кобальтты, талаа райондорунда кальцийди кошумчалап берүү керек. Булар тоют борунда, талкалаган акиташта, фосфоринде, тоюттук преципитатта жана башкаларда көп болот.

Малды тоюттандыруунун гигиенасы. Малга бериле турган тоюттар сапаттуу, малдын саламаттыгы үчүн зыяндуу кошундулары жок (топурак, кум, минералдык, семирткичтер, жыгачтын кесиндилери жана башкалары), көгөргөн, чириген, ачып кеткен, тоңуп калган жери жок болууга тийиш. Тоюттардын арасында кырк муун сары чырмоок, ак мыянын даны жана башкалар сыяктуу уу жана зыяндуу чөптөр болбошу керек. Дан тоюттарынын арасында кара көсө, спорния, кеберденген датты пайда кылуучу грибок жана башкалар болбоого тийиш. Малга берүүнүн алдында тоюттарды карап чыгып жарамсыздары менен шектүүлөрүн малга бербестен бөлүп коюшат. Тоют кызылчасын чийки бойдон берүү керек, аны бышырып берер учурда бышары менен суусун төгүп, ошол замат муздары менен малга берүүгө зарыл. Бышырылган кызылча 4-6 саатан кийин малды уландырышы мүмкүн. Картошканы өзгөчө өнгөн же чирий баштаган картошканы бышырган учурда да тартип менен малга берүү керек. Өнгөн картошка жана да чириген, тоңуп калган жана карарып кеткен картошкада малга зыяндуу солонин деген уу зат болот. Малга кызылчанын жомун берер учурда, малды чычкактата турган ашыкча кычкылдыкты жоготуу үчүн рационго тоют борун же талкаланган акиташы милдеттүү түрдө кошуу керек. Кыргызстандын бир катар райондорундагы тоюттарда кээ бир минералдык заттар кетишпейт. Ошондуктан туздан тышкары малга фосфорду, кобальтты жана йодду, берүү зарыл. Кышкы айларда, тоюттарда витаминдер жетишпеген учурда малга, биринчи иретте койлорго жана жаш малга витаминдүү тоюттарды кошумчалап берүү керек. Бул максат үчүн көбүнчө майда эрий турган витаминдердин препораттарын пайдаланышат. Балыктын витаминдештирилген майын да малга берүүгө болот. Концентраттар туура тандалып алынган ар түрдүү тоюттар менен алмаштырууга мүмкүн. Атап айтканда кышкы мезгилде витаминдердин булагы болгон сапаттуу витаминдүү кесек чөп чанактуу өсүмдүктөрдүн чөптөрүнүн кубулуп түшкөн жалбырактары, кызыл сабиз саналат. Малды витаминдүү тоюттар менен камсыз кылуу онтойлуу боло тургандыгын, ал эми витаминдердин концентраттарын айрым учуларда гана пайдаланууга керек экендигин эсептөө керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 873, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу