Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мальдив

Мальдив, Мальдив Республикасы (Дивехи Раджехе Жумхурия) – Түштүк Азиядагы арал мамлекет. Инди океанынын түндүгүндө, Мальдив аралында (1200 жакын майда аралдардан турат, алар 26 шуру атоллдорун түзөт), Индстан жарым аралынан түштүк-батышта жайгашкан. Аянты 298 чарчы/чакырым (кургактыктагы). Калкы 3,2 млн (2011). Борбору – Мале. Мальдивдин аймагы 21 административдик бөлүккө (20 атоллго жана борбордук округга) бөлүнөт. Акча бирдиги – руфия. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2006) Мальдив – БУУнун (1965), ЭФВтин (1978), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1978), Ынтымакташтыктын (1982), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташтык ассоциа­циясынын (1985), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мальдив – унитардык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Элдик межлис). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – Министрлер кабинети. Мальдивде көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу партиялары: Мальдив демократиялык партиясы, Мальдив элдик партиясы, Ислам демократиялык партиясы ж. б. Мальдив – унитардык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы 7-августта кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент (бир гана жолу 5 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу парламент (элдик межлис, 77 депутаттан турат, анын 8ин президент дайындайт). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – министрлер кабинети.

Мальдив архипелагы 2 миңден ашык майда аралдан турат. Алардын бийиктиги 3 мге чейин. Климаты экватордук муссондук. Айлык орточо температурасы 24–30°С. Жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Агын суусу жок. Топурагы кумдуу. Кээ аралдарында мангр токою кездешет. Азык болуучу ж. б. өсүмдүктөрү сырттан алынып келинген. Кокос пальмасы, банан өстүрүлөт. Канаттуулардын 180–200 түрү мекендейт. Көк кытан жана геккондун 2 түрү бардык жерде кездешет. Жергиликтүү жаныбарлары – сойлоочулар жана жарганаттын 2 түрү (учуучу түлкү сымал). Курт-кумурсканын 130, көпөлөктүн 70 түрү бар. Суу дүйнөсү өтө бай жана ар түрдүү. Акула, риф балыктары, мурен, омурткасыздар, маржан полиби, рак сымалдар, моллюскалар бар. 1998-жылдан муздак Перуан агымы бир аз жылыгандыктан, Инди океанынын суусунун температурасы өтө тез жогорулап, анын натыйжасында маржан полиби массалык түрдө кырылган. Арал 2004-жылы цунамиден жабыркаган. Мальдивде коргоого алынган 25 деңиз акваториясы жана бир табигый аймагы (чеке белиндеги акватория менен, Хитаду аралы) бар.

Элинин көпчүлүкбөлүгүн мальдивдер (98,4%), ошондой эле сингалдар, гужараттар, тамилдер жана арабдар да жашайт. Расмий тили – мальдив (дивехи) тили. Дини – ислам (сүннөттөр). Бул дин өлкөнүн бардык жарандары үчүн милдеттүү. Мусулман эмес диний уюмдарга тыюу салынган. орточо жыштыгы 1 чарчы/чакырымге 1164 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 72,5 жаш, аялдарыныкы – 74,2. Төрөлүүнүн деңгээли (1000ге 23) өлүм-житимден (1000ге 4) 5,8 эсе жогору. 100 аялга 102 эркек туура келет. Шаар калкы 38% (2008). Жалгыз ири шаары – Мале. Мальдив дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан кичи өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 1,8 млрд долларды түзөт (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 4,6 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77,5%, өнөр жайдыкы 16,9, айыл чарбаныкы 5,6. Экономикасынын негизин чет элдик туризм (ИДПдеги үлүшү 28%, 2009-жылы 656 миң турист келген) жана балыкчылык (жылына 150 миң тонна) түзөт. 2008-жылы 300 млн кВт. с электр энергиясы өндүрүлгөн. Курулушта колдонулуучу кум жана шуру (коралл) казылып алынат. Деңиз продуктылары, балык жана айыл чарба азыктары (анын ичинде укокос жаңгагы) беленделет. Тигилүү кийим чыгарылат, балыкчылар үчүн дхони кайыгы даярдалып, кеме оңдолот. Кокос пальмасы, тропика жашылча-жемиштери өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы жокко эсе. үй куштары багылат. Автомобиль жолунун узундугу 88 км (2006). Деңиз соода флоту 29 кемеден турат. 4 аэропорту, анын ичинде эл аралык (Мале шаарында) бар. Башкы порту – Мале. Сыртка балык жана балык продуктылары (90%) чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Шри-Ланка, Улуу Британия, Италия, Франция (экспорт), Сингапур, БАЭ, Тайланд, Малайзия, Индия (импорт).

Мальдив аралы жөнүндө алгачкы жазма даректер 16-кылымдан белгилүү. Арал калкынын этностук негизин Индостан менен Цейлондон (Шри Ланка) чыккан ария уруулары түзгөн. Алар аралдарды 10-кылымдан баштап мекендеген. 12-кылымдан ислам дини тарай баштаган. 14-кылымда Диди династиясынын султандары башкарган мамлекет түзүлгөн (ал бийлик 1968-жылга чейин сакталган). 1558-жылы Мальдивди португалдар басып алган, бирок жергиликтүү калк аларды 1573-жылы кууп чыккан. 17-кылымдын 2-жарымында Мальдив султандыгы Цейлондогу голланд башкаруучуларына көз каранды болуп, 1796-жылы Улуу Британиянын таасирине өткөн. 1887-жылы декабрда ал Британия протекторатында айланган. 1965-жылы 26-июлда Улуу Британия менен Мальдивдин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Мальдив көз карандысыз мамлекет деп жарыяланган. Бул күн Мальдив Республикасынын улуттук майрамына айланган. 1968-жылы референдумдун натыйжасында Мальдив Республика болуп жарыяланган. 1965-жылдан БУУга мүчө

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)