Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Малайя архипелагы

Малайя архипелагы - Жер шарындагы аралдардын эң көп топтолгон жери. Жалпы аянты 2 млн чарчы/чакырымдей болгон 10 миңдей аралдан турат. Азия жана Австралия материктеринин аралыгындагы Чоң жана Кичи Зонд (анын ичинде Калимантан, Суматра Ява, Сулавеси), Филиппин (Лусон, Минданао ж. б.), Молукка ж. б. аралдар тобун камтыйт. Архипелаг негизинен Индонезия, Малайзия жана Филиппин мамлекетинин курамына кирет. Орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор басымдуу, эң бийик жери 4101 м (Калимантан аралындагы Кинабалу тоосунда). Ошондой эле дөбөлүү түздүктөр жана ойдуңдар да бар. Малайя архипелагы соңку кайназой жана азыркы бүктөлүштөргө кирет. Вулканизм өнүккөн, 330дан ашуун жанар тоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашуун, эң белгилүүсү – Кракатау. Малайя архипелагында алмаздын дүйнөдөгү эң ири кендери бар, ошондой эле нефть, темир, никель, вольфрам, марганец кен таштарына, бокситке бай. Архипелагдын борбордук бөлүгү экватор, чет-жакалары Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын субэкватор алкактарында жатат. Абанын температурасы жыл ичинде анча өзгөрбөйт (түздүктөрдө 23–26°С, тоолордо 15–17°С). Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000–2000 мм, тоолордун айрым жерлеринде 5000 ммден ашык. Экватор алкагында жаан-чачын жыл бою бир кылка, субэкватор алкактарында муссондук циркуляцияга байланыштуу көбүнчө жайында жаайт (жыл мезгилдери эки Жарым шарда эки башка). Дарыялары жыш, суусу мол, бирок кыска. Жетиштүү же ашыкча нымдуу аймактарда кызыл же латериттик, айрым сезондордо нымы жетишсиз болгон жерлерде кызыл-коңур жана күрөң, тоолордо коңур жана тоо-шалбаа, дарыя өрөөндөрүндө аллвий-шалбаа жана шалбаа-саз топурактары басымдуу. Малайя архипелагы Жер шарындагы флорага эң бай регион, Ява аралында гана 6000ден, Калимантанда 11000ден ашык түрү бар. Эндемизми да зор, эндемиктик уруу 500дөн ашык, ал эми түрү 30–35%ке жетет. Өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Түздүктөрүн жана жапыз тоолорун (1200–1300 м бийиктикке чейин) нымдуу тропиктик дайыма жашыл токой ээлейт, курамы өтө ар түрдүү: пальма (300гө жакын түрү бар), панданус, бамбук, расамал, фикус, жапайы алма ж. б., андан жогору дайыма жашыл токой ээлеп, ага субтропик флорасынын өкүлдөрү аралашат. Деңиз деңгээлинен 2000–4000 м бийикте мамык чөптүү, ашыкча нымдуу тоо токою жогору карай бадалдар жана тоо шалбаа тилкелери менен алмашат. Субэкватор алкактарында жалбырагын түшүрүүчү муссон токою жана саванна басымдуу. Дельталарда жана деңиз жээктеринде мангр токою таралган. Түздүктөрүнүн басымдуу бөлүгү айдалып, анда шалы, тропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. Малайя архипелагын адам жана ит сымал маймылдар, пил, керик, малайя аюусу жана кызыл карышкыры, тери канаттар, абыргандар мекендейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)