Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Максвелл теңдемеси

Максвелл теңдемеси – электр-магнит талаасынын (электродинамиканын) негизги закондорун туюнтуучу теңдеме. Ал ар кандай чөйрөдөгү жана вакуумдагы электр магнит кубулуштарын түшүндүрөт. 19-кылымдын 60-жылдарында Ж. К. Максвелл теңдемелерди электр жана магнит кубулуштарынын закондорун жалпылоонун натыйжасында иштеп чыккан. Эгерде талаа булактары r жана j белгилүү болсо, максвелл теңдемеси убакыттын каалагандай моментиндеги, мейкиндиктин каалагандай чекитиндеги талаанын негизги мүнөздөмөлөрүн аныктоого жардам берет. Максвелл теңдемеси төрт теңдемеден турат. Биринчиси, магнит талаасын электр тогу менен дүүлүктүрүү жөнүндөгү эмпириялык Ампер законун жалпылайт: Image:. Экинчиси М. Фарадейдин электр-магниттик индукция законунун математикалык жазылышы: Image:. үчүнчүсү, электр заряддары өңдүү магнит заряддарынын болбой тургандыгын ырастайт: divB=0. Төртүнчүсү, кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүү законунун – Кулон законунун жалпыланышы: divD=Image:Image:. Теңдемелерге кирген Е жана Н – электр жана магнит талаасынын чыңалыштары, D жана В – электр жана магнит индукциялары. Максвелл теңдемеси электр жана радиотехникада, физиканын проблемаларын (плазма, башкарылма термоядролук реакция), астрофизиканын маселелерин чечүүдө орчундуу роль ойнойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)