Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Македония тарыхый аймак

Македония тарыхый аймак – Балкан жарым аралынын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый аймак, Сербиянын түштүк-чыгыш, Грециянын түндүк-чыгыш жана Болгариянын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. Македония аймагында адам неолит убагында эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-кылымда биринчи жолу кул ээлик мамлекет пайда болуп, биздин заманга чейинки 3–2-кылымда аны римдиктер караткан. Биздин замандын 6–7-кылымдарында Македонияга славян уруулары отурукташкан. орто кылымда М. акедония алмак-салмак Византия, Болгар падышалыгы, Стефан Душандын серб мамлекетинин курамына кирип турган. 14-кылымдын аягында осмон түрктөрү басып алган. 1903-жылы Македония аймагында Ички македониялык революциячыл уюм (ИМРУ, 1893-жылы негизделген) улуттук-боштондук көтөрүлүш уюштуруп, аны түрк аскерлери баскан. Биринчи Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө Македония түрктөрдөн бошотулуп, 1913-жылдагы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча М. Грециянын, Сербиянын жана Болгариянын бөлүгүнө түшкөн. Греция Эгей Македониясын, Сербия Вардар Македониясын, Болгария Пирин аймагын алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)