Макбал альмандин кени

Макбал альмандин кени Талас облусунун Манас районунда, Талас шаарынан 20 км, Арал кыштагынан 40 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3200 м бийиктикте. 1991-ж. "Средазкварцсамоцветы" экспедициясы тарабынан издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен жогорку протрезойдун макбал свитасынын катмарына туура келет. Жанаша жаткан тектер–кварц-мусковиттүү, хлорит-серициттүү сланецтердин, амфиболиттердин, кварциттердин арасында линза түрүндө жатат. Гранат (альмандин) көлөмү 2–3 см болгон кристаллдардан туруп, сланецтердин жалпы массасынын 0,1–2% түзөт. Жер үстүнө жакын жерде сланецтер талкаланууга учураган. Төмөнкү участкадагы чачындылар 2–5 кг/м3, "Ашуу" участкасында 1–2 кг/м3 чейин гранатты кармап турат. Альмандиндин түсү күңүрт-кызылдан алча-кызылга чейин өзгөрөт. Кыр чыгарыла турган гранаттын чыгышы 10% түзөт. Зергерликте пайдаланып, кооз кымбат баалуу буюмдарды жасоого жарактуу. Баланстагы запасы С1 категориясы боюнча 3256,7 кг.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)