Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Макаренко Антон Семенович (1889-1939)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Макаренко Антон Семенович (1889-1939)

А. С. Макаренко украиналык жумушчунун үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. Кесиби - мугалим. Ал 1920-жылы сентябрда Полтавага жакын жерде багуусуз калган балдардын (арасында кылмышкерлери да бар) эмгек лагерин уюштурат. Ал балдар менен болгон мамилесин өткөндү эске салбай, адамга ишенүү керек деген пикирге таянып жүргүзгөн. Бир жолу Макаренко көп сандагы акчаны муруңку ууруга ишенип тапшырган. Макаренко жаңылбаптыр, ишеним көрсөткөнгө сыймыктанган Семён Карабанов тарбиячысын уятка калтырган эмес. Колониядагы тарбиялануучулар Антон Семёновичти калыстыгы, чынчылдыгы, туруктуу мүнөзү, өзүнө да, башкаларга да катуу талап коё билгендиги үчүн жакшы көрүшкөн. Булар бактылуу тагдырга туш келген адамдар эле, алардын бактысы ынтымактуу, көңүлдүү коллективде, чыныгы достордун арасында окуп, эмгектенишкендигинде болгон.

Балдар жашай турган үйлөрүн, клубду, мектепти, ал тургай заводду да өздөрү курушкан. Андан кийин кеңири керектелүүчү ФЭД фотоаппаратын чыгаруу ишин жөнгө салышкан. Балдар педагогдор менен бирдикте көп кызыктуу оюндарды ойлоп табышкан. Бардыгы чогуусу менен жүрүштөргө чыгып, Волга, Крым, Кавказ, Москва, Одессага саякат курушат. Тарбиялангандардын көпчүлүгү кийин жакшы адис - жумушчу, инженер, врач, архитектор, педагог болуп чыгышты. Колониядагы балдардын турмушу жана педагогдордун иши жөнүндө Антон Семёнович өзүнүн Педагогикалык поэма жана Мунарадагы желектер деген китептеринде кеңири баяндаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4334, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу