Майлы-Сай нефть кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда. Кербен кыштагынан 50 км чыгыш тарапта, Кербен–үч-Коргон автомобиль жолунун боюнда. Кен элге илгертен белгилүү. 1901-ж. бургулоодо нефть фонтаны атылып, 5000 тдан ашык нефть алынган. Кен палеоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотектерде жайгашкан. Нефть антиклиналь бүктөлүшүн түзүп жаткан кумдук, алевролит жана акиташ тоотек кабаттарында топтолгон. Кабаттардын калыңдыгы 64–217 м. Нефть метандуу класска кирет, 30°Сге чейин ысытып ажыратууда 73% метандуу углеводдор, 18% нафтен, 14,6% ароматтуу углеводдор бөлүнүп алынат. Салыштырма салмагы 0,8390–0,9125. Нефть палеоген мезгилинде деңиз шартында пайда болгон. Нефть бургулоо көзөнөгүнө түшүрүлгөн насос менен сордуруп алынат.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер