Майлуу-Суу

Майлуу-Суу (1956–92-жылы Майлы-Сай) – Жалал-Абад областындагы шаар. Ноокен районунун аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун этегинде, Майлуу-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Аянты 12025 га. Облустун борбору жана темир жол станциясы Жалал-Абад шаарынан 118 км түндүк-батыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук, кыска, кар арбын түшөт, январдын орточо температурасы –3... –11°Сге чейин. Жайы ысык, кургак, июлдун орточо температурасы 30,5°С. Жылдык жаан-чачыны 300 ммдей. Калкы 22,8 миң (2009), негизинен кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаардын четинде Көк-Таш, Сары-Бээ шаарчалары, Көк-Ой, Кара-Жыгач кыш. жайгашкан. Майлуу-Суу өнөр жайылуу шаар. Шаарда электр лампа жана электр тогун өткөрбөс материалдар («Кыргызэлектрозолит») заводдору, Майлы-Суу жылуулук менен камсыз кылуу өндү­рүштүк бирикмеси, «Майлуу-Суу» кийим тигүү фабрикасы, «Береке», «Акнан», «Азат», «Баатыр» АКлары, «Кыял» ж. б. чакан өнөр жай ишканалары, ошондой эле «Серей» ЖЧК, «Чебер» фирмасы, телеком, почта байланыш түйүнү иштейт. Шаарга жакын жерден нефть жана газ чыгат. Ош, Жалал-Абад шаарына газ проводдору кетет. Шаарда 8 орто (анын ичинде жатак) мектеп, кесиптик лицей, электр-техникалык колледж, медициналык орто окуу жайы, Экономикалык жана башкаруу институту, карылар жана майыптар үйү, стадион, кинотеатр, мечит, маданият үйү, 3 бала бакча, шаардык оорукана (305 орундуу), дарыкана, ден соолукту чыңдоочу борбор, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү (анын ичинде шаарды жашылдандыруучу суу каналы ж. б.) ишканалары, тамактануу жайлары, кафе-барлар, ресторан, базар, автобекет иштейт. Парк уюштурулган. Шаар эзелтеден эле дыйканчылыгы менен көчмөн чарбасы өнүккөн Фергана өрөө­нүнүн тоолуу аймагынын чегинде жайгашкандыктан, анда соода-сатык, товар алмашуу иштери кеңири жолго коюлгандыгы айгинеленет. Көчмөн калк малын айдап келип, Көк-Ой ашуусунун этегиндеги «таш короого» камап, аларды кол өнөрчүлүк буюмдарына жана дан эгиндерине алмаштырып кетип турушкан, ал короону эл «таш базар» деп да аташкан. Шаарга жакын жерден кызыл чопо кени чыккандыктан, карапачылык да өнүккөн. Шаар аркылуу Улуу Жибек жолунун бир тармагы, О. Азиядан Кытайга кеткен кербен жолу Даван-Сай капчыгайы аркылуу жана ж. б. жолдор менен өткөн. Майлы-Суу суусунан жана анын куймаларынан башталган илгерки ирригациялык курулмалардын калдыктары (чоң арыктар, оготтор ж. б.) бул аймакта мурда эле дыйканчылык өнүккөндүгүнөн кабар берет. «Майлуу-Суу шамы» жана «Свет Майлуу-Суу» гезиттери чыгат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан майлы-суулук жоокерлерге 1989-жылы «Согуш­тук даңк проспектиси» эстелиги жана 1999-жылы Баткен жергесиндеги эл аралык террористтик топтор менен болгон куралдуу кагылышууда курман болгон жоокерлердин урматына «Эрдик» монументи тургузулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)