Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Махмуд Кашгари (Кашкарлык Махмуд)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Махмуд Кашгари (Кашкарлык Махмуд)

Кыргызстандын Ысык-көл өрөөнүндө 11-кылымда Барсхан (Барсаган, азыркы Барскон кыштагы) деген байыркы шаар болгон. Ушул шаар да биздин жердешибиз, ысымы биздин күнгө чейин келип жеткен энциклопедист окумуштуу Махмуд Кашгари туулган. Азырынча анын өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. 10-кылымдын аягында чыгыш жана батыш Түркстанда караханилердин династиясы бийлик кылган мусулман түрктөрүнүн мамлекети пайда болгон. Караханилер мамлекети чыгыштагы Чинден (Кытайдан) батыштагы Румга (Византияга) чейин жайгашкан түрк, иран тилдеринде сүйлөгөн элдерди камтыган. Бул мезгилде Ысыккөл, Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндө биздин көчмөн ата-бабаларыбыз отурукташа башташкан. Мамлекеттеги элдердин өз ара аралашуусу анын экономикасына, маданиятына зор бурулуш жасап, илимдин, соода-сатыктын, архитектуралык курулуштардын пайда болушуна шарт түзөт. Бул болсо түрк тилинде сүйлөгөн элдердин экономикасына, маданиятына зор таасир тийгизет, ири шаарлар курулуп, соода иши күч алат. Мамлекеттик иштер, жарлыктар түрк тилинде жүргүзүлөт, көптөгөн илимий эмгектер жазылат. Ошондой эмгектердин бири Махмуд Кашгари тарабынан 1072-1074-жылы жазылган Диван лугат-ат-түрк (Түрк тилдеринин сөздүгү) болуп саналат. Мындан башка аты гана белгилүү болуп, бирок азыркыга чейин табыла элек дагы бир топ илимий эмгектерди жазып калтырган.

Диван түрк тилинде сүйлөгөн элдердин рухий дүйнөсүн жана күндөлүк турмушун чагылткан материалдарга бай. Илимдин ар кайсы тармактарынан маалыматтар, түрк уруулары, алардын тил өзгөчөлүктөрү, үрп-адаттары, диний ырым-жырымдары, оюн-зоок жана согуш өнөрү, элдик медицина, географиялык сүрөттөөлөр, астрономиялык аттар, макал-лакаптар, ырлардын үзүндүлөрү берилген. Бул китепке өзү түзгөн картасын тиркеген. Ал картада ката жерлер да кездешет. Ошондой болсо да бул карта өз доору үчүн баалуу эмгек болгон. Диван биринчи жолу 1915-1917-жылдары Стамбул шаарында басылып чыккан. Азыркы мезгилде эмгек немец, түрк, англис, уйгур тилдерине которулду.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1589, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу