Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Махмуд Кашгари

Баш барак | Биографиялар | Махмуд Кашгари

Махмуд КашгариМахмуд Кашгари (Барскани), Махмуд ибн Хусейин ибн Мухаммед XI — кылымдагы жашап откон энциклопедиячы - аалым. 1029-1038-жылдар ичинде кол кылаасында Барскан (азыркы Барскоон) шаарында туулган. Анын атасы Хусейин ибн Мухаммед ибн Юсуф Кадыр хан Ысык-Колдун тескейиндеги Барскан шаарын ошондой эле Узбанды жетектеген бек болгон. Махмуд Кашгари Кашкар, Бухара, Багдад шаарларынан билим алган. XI-кылымдын 50-ж. экинчи жарымынан турк калктары жердеген жерлерди кыдырып (печенег, кыпчак, огуз, тухси, ягма , кыргыз, аргу, ябаку ж.б.), алардын тилинин диалектикалык озгочолукторун жана жалпылыктарын иликтеген. Анын Китаб жавахир ан нахв фи лугат ат-турк (Туркий тилдер тууралуу синтаксистин маныздары) аттуу эмгектери белгилуу. Экинчи китеби (Диван лугат ат турк) бизге жеткен. Бул создукто кыргыз жана башка турк элдеринин тарыхы, этнографиясы, тили, фольклору, геогр. ж.б. боюнча ото баалуу маалыматтар арбын. М. Кашгаринин качан жана кайсы жерде олгондугу белгисиз.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 971, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу