Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Махачкала

Махачкала (1857–1922-жылдары Петровск-Порт) – Дагстан Республикасынын борбору. Россиядагы шаар. Чоң Кавказдын этегинде жайгашкан. Каспий деңизинин батыш жээгиндеги порт. Түркмөнбашы (Түркмөнстан) жана Ак-Тоо (Казакстан) порттору менен үзгүлтүксүз темир жол паром катташы бар. Калкы 469,0 миң (2010). Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Махачкала аркылуу «Кавказ» федерация автомагистралы (Краснодар – Грозный – Махачкала – Азербайжандын чек арасы аркылуу) өтөт. 1857-жылдан Петровск порт – шаары, 1860-жылдан Дагстан областынын уезд шаары. 1921–94-жылдары Дагстан АССРинин, 1994-жылдан Дагстан Республикасынын борбору. Махачкала – Дагстандын алдынкы өнөр жай борбору. Машина куруу анын ичинде Гажиев атындагы завод (кеме башкаруучу тетиктер, насос, куур, ийилчээк металл түтүктөр), «Авиаагрегат» (аэродром жабдыктары, самолётторду жерден тейлөөчү каражаттар, авиатехникалар ж. б.), нефть ажыратуу («Каспий-1»), эмерек («Каспий», мектептер жана медициналык мекемелер үчүн), кебез-кездеме ("Каспийская мануфактура», катуу марля), трикотаж полотна, байпак-батек буюмдар («Дагтекстиль»), тери өңдөөчү, жүн жана мех, металл иштетүү, химиялык, текстиль, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, «Эльгав» (микросхемалар, тразисторлор ж. б.), «Дагтелекомс» (үн жазуучу аппараттар), «Сапфир» ИИИ (автомат радиопеленгаторлор), айнек була өндүрүшү, «Каспийвинпром» шампан-шарап жана спирт комбинаты иштейт. Пиво кайнатылат. Минералдык суулар куюлат. Шаардын экономикасындагы негизги тармактардын бири транспорт жактан тейлөө. Махачкала Каспий деңизиндеги жалгыз тоңбогон порт (2008-жылы 5 млн тонна жүк ташылган). Россия Илимдер академиясынын Дагстан илимий борбору (10 илимий мекемени камтыйт), 5 жогорку окуу жай (анын ичинде Дагстан университети), айыл чарба жана медициналык Академиялары, 23 мамлекеттик эмес (анын ичинде филиалдар), китепканалар, 5 театр (анын ичинде опера жана балет), «Лезгинка» бий ансамбли, музейлер ж. б. бар. Дагстан революционери Махач Дахадаевдин ысмынан аталган. Эл аралык фольклор жана «Горцы» салттуу маданият (2004) фестивалдары өткөрүлүп турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)