Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Магниттик съёмка

Магниттик съёмка – Жер магнетизми боюнча алынган маалыматтар менен магниттик карта тү­зүү. Өз ичинен жалпы жана дыкат (так) магниттик съёмка болуп бөлүнөт. Жалпы магниттик съёмка чоң аянтты кучагына алып, Жердин магнит талаасынын чыңалышы сейрек кездешкен (аралыктары ондогон, жүздөгөн км) чекиттерде жүргүзүлөт. Деңиз жана аба навигациясында, ири магнит аномалияларын табууда, жер магнетизминин кылымдык өзгөрүүлөрүн изилдөөдө колдонулат. Дыкат магниттик съёмкада геологиялык карта түзүлүп, кен издөө жүргүзүлөт. Мында байкоо жүргүзүү чекиттеринин аралыгы 1 кмден бир нече кмге созулат. Магниттик съёмка жүргүзүүдө геомагнит талаасынын толук чыңалуу векторунун модулу өлчөнөт. Кээде геологиялык чалгындоодо магнит талаасынын вертикалдык (тик) түзүлүшү аныкталат. Магниттик съёмка самолётко, спутникке, кемеге, ар кандай транспортко орнотулган магнитометр менен жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)