Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Магнит

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Магнит

Мына бул сүрөттө тартылган нерсени билесиңерби? Ал магнит. Мындай таканы алып төөнөгүчкө же мыкка жакындатcаңар, алар өзү эле секирип жабышат. Магнит менен темир нерселердин ортосунда кандайдыр бир түшүнүксүз ынактык бар экендигин адамдар илгертен эле байкашкан. Кээ бир тилдерде магнитти азыр да сүйгүч таш деп аташат. Адамдар табигый магниттер - магниттүү темир кенинен алынган кесектер менен көп кылымдар бою тажрыйба жүргүзүп келишкен, бирок алардын бардык темир нерселерди жакшы көргөндүгүнүн себебин эч ким түшүндүрө албаган. Магнитти узак убакыт бою жалгыз гана максатта пайдаланышкан: андан компас жебесин жасашкан. Кылтылдаган жебенин бир учу дайыма түндүктү - жердин түндүк магнит уюлун көрсөтөт. Ал эми экинчи учу - түштүккө, түштүк магнит уюлуна багытталган (мына ошондуктан магниттин эки учу же уюлу түндүк жана түштүк болуп бөлүнөт). Сүрөттө магниттин бирдей уюлдары бири биринен түртүлүшөрү ал эми ар башка уюлдары тартылышары көрсөтүлгөн (ар башка электр заряддарында да ушундай эле кубулуш боло тургандыгын билип койгонуңар оң). Магнитти майдалап анын уюлдарын бири биринен ажыратууга аракет кылышкан.

Бирок мындан эч нерсе чыккан эмес. Анын эң кичинекей сыныгы да эки уюлу бар магнитке айланган. Эмне үчүн мындай? Бул электр кубулуш менен түшүндүрүлөт. Балким силер, заводдо машиналардын болот тетиктерин бир жердей экинчи жерге кантип алып барышкандыгын көргөн чыгарсыңар. Жогортон чынжырга байланган тегерек калын плита түшүрүлөт.

Ага ошол замат көптөгөн тетиктер жабышат. Плитаны кайрадан жогору көтөрүп керектүү орунга алып барышат. Бул электр магнити. Анын негизги бөлүгү - зым жыш түрүлгөн темир чыгырык. Зымга ток жибергенде чыгырык Магнитке айланат. Электр магнитинин чыгырыгына зым бир нече катар оролгон. Бир эле катар ороп, ток жиберсе деле электр магнити пайда болот, бирок анын күчү аз, алсыз. Мындан да алсыз, эң кичинекей электр магнитчелери ар бир атомдо да болот. Эгер ар бир атомдо магнитчелер бар болсо, анда темир эле эмес, бардык заттар да магнит болууга тийиш да? деп сурашыңар мүмкүн.

Көрсө кептин бардыгы бул эң майда магнитчелердин кандай жайгашкандыгында. Алардын бардыгы тартиптүү болуп, бир тарапка бет алышы, бир катарга турушу керек экен. Ошондо гана зат магнит боло алат. Мындай касиет кээ бир металлдарда гана бар, өзгөчө темирде күчтүү. Бирок окумуштуулар менен инженерлер темир магниттен кыйла мыкты магниттерди алуунун ыкмаларын табышат.

Мисалы, кобальтты платинага же самарийге кошуп эритип жасашат. Мындай эң кичине эле магнит өзүнөн бир канча эсе чоң темир тетикти көтөрө алат. Албетте, бул магниттер өтө кымбатка түшөт, ошондуктан татаал илимий приборлордо гана колдонулат.

Сайтка жарнама жайгаштыруу