Магеллан Фернан (1480-1521)

1522-жылы сентябрда Испаниянын Санлукар-де-Баррамеда гаванына абдан эcкилиги жеткен бир кеме келип токтоду. Андан азып-тозгон, самтырап, жүдөгөн адамдар түшүп тизелеп отура калып, туулган жерин өпкүлөй башташат. Бул мындан үч жыл мурун алыc сапарга кеткен Фернан Магелландын флотилиясынан аман кайткан жападан-жалгыз Виктория кемеси болчу. Ал жер шаарын айланып чыккан алгачкы кеме эле. Узак сапарга кеткен 265 адамдан 18 гана моряк кайтып келген. Беш кемеден түзүлгөн флотилия Испаниядан Түштүк Америка аркылуу өтүү үчүн кысык таап, бай өлкөлөргө: Индия жана Даамдуу Татымал Аралдарына (Индонезия) баруучу кыска жолду издеп чыгат. Түштүк кеңдиктин кыркынчы градусунда ошондой кысыктын бар экендигине Магелландын көзү жеткен. Ал экспедициянын долбоорун иштеп чыгат, бирок аны Португалиянын королу кабыл албай коёт. Ошондо Магеллан Испанияга кетип калат. Индияга баруучу жаңы деңиз жолун ачууга кызыккан Испаниянын королу Карл I Магелландын планын жактырып, аны чон экспедицияга башчы кылып дайындайт. Алгачкы күндөн эле жаңыдан пайда боло калган адмирал менен кемелердин капитандарынын ортосунда араздык пайда болгон.

Аксөөк испандык гранддар улуту португал, анын үстүнө тексиз болгондуктан Магелланды жек коро башташат. Мына ушул өңдүү араздык ансыз да оор сапарды ого бетер татаалдаштырат. Магеллан сактык менен планын кишиге көрсөтпөй жашыруун кармайт. Акыры алдыларынан анын эсеби боюнча көрүнө турган кысык эмес эле Ла-Плата дарыясынын жайык куймасы көрүнөт. Эсеби туура чыкпай калганда Магеллан башынан коркунучтуу мүнөттөрдү өткөрөт. Кемелер улам түштүктү карай узаган сайын, суук боло баштайт.

Магеллан Сан-Хулиан булуңуна кыштоону чечет. Мына ошол жерде экинчи түнү эле көтөрүлүш чыгат. Беш кеменин үчөө моюн сунуудан баш тартты. Козголоң чыгарган капитандар Магелландан кемелерди кайра Испанияга бурууну талап кылышты. Мындай козголоңду басуу Магелландай эрки күчтүү, чечкиндүү адамдын гана колунан келмек. Ушул эле жээкте бардык эрежеси менен сот жүргүзүлгөн. Козголоңду уюштургандар Түштүк Американын жээгине түбөлүккө айдалган. Эки киши өлүм жазасына тартылып, калган 40 кишиге кечирим берилген.

Магелланга экспедицияны улантуу үчүн адамдар керек эле, анын үстүнө ал өтө катаал болууну каалаган эмес. Жаз чыгары менен август айында (бул түштүк жарым шарда болгон) Магеллан эң кичинекей кеме - Сантьягону чалгынга жиберет. Кеме кырсыкка учурайт, бактыга жараша адамдары аман калышат. Акыры Магеллан аба ырайынын оңолбой тургандыгына көзү жеткен соң сапарын андан ары улантат. Арадан эки ай өткөндө саякатчылардын кемелери кысыкка такыр окшобогон бийик жардуу ичке өткөөлгө келишет. Төрт күндөн кийин чалгынга кеткен кемелер кубанычтуу кабар алып келишет. Издеген кысык табылат! Флотилия ийри-муйру жээктүү жылга менен алга жай сүзүп жөнөйт.

Алар белгисиз деңизге чыгышат. Ал деңиз саякатчыларын жаркыраган жылуу күн жана мелмилдеген тынчтык менен тосуп алат. Бул океанды Магеллан Тынч океан деп атайт. Магеллан өзү ачкан кысыктын ичинде жол таба албай жүргөн мезгилде жаңы кырсыктуу ишке учурайт. Экспедициянын чоң кемеси - Сан-Антонионун тайпасы козголоң чыгарып кемени кайра Испанияны көздөй бурушат. Экспедициянын бардык азык-түлүгү ошол кемеде эле. Флотилиядан калган үч кеме океанды сүзүп өтүшү керек эле. Батышка карай жол тарткан бул сапар дээрлик төрт айга созулду. Азык-түлүк түгөндү, моряктар ачкалыктын азабынан келемиш, өгүздүн терисин, жыгачтын таарындысын жешет. Айрымдары тиш оорусунан (цинга) каза болушат.

Акыры кемелер белгисиз бир ажайып, бай аралдарга келет. Кийин булар Филиппин аралдары деп аталып калган. Ушул жерден эр жүрөк адмирал дүйнөдөн кайткан. Ал жергиликтүү княздардын ич ара кагылышуусунун кесепетинен курман болгон. Магелландын курман болушу экспедициянын ишин оордоткон. Ынтымак кетип, дүрбөлөң башталган. Көптөгөн моряктар өлүмгө учурап, экспедиция эки кемесинен - даңктуу флагман Тринидад менен Консепсьондон айрылган.

Акыры укмуштуу, оор окуялардан кийин жалгыз Виктория кемеси гана өз гаванына кайта кайрылып келген. Дүйнөдө биринчи жолу жер шарын айланып чыгуу илим үчүн зор мааниге ээ болду. Магелландын экспедициясы жер тоголок экендигин далилдеди. Европалыктар биринчи болуп Тынч океанды сүзүп өтүштү. Деңиз саякатчылары ачкан Түштүк Американы Оттуу Жер аралынан бөлүп турган кысык Магеллан кысыгы деп аталып калды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)