Маданий диффузия

Маданий диффузия - байланышуунун натыйжасында бир коомдон экинчисине маданий өзгөчөлүктөр менен кубулуштардын өз ара аралашуусунун стихиялык процесси. Анын натыйжасында маданияттар өз ара бири-бирин байытат. Маданий диффузиянын жолдору болуп миграция, туризм, миссионердик, соода, согуш, илимий конференциялар, көргөзмөлөр, жарманкелер, студенттерди жана адистерди алмашуу жана башка кызмат кылат. Маданий диффузия өлкөлөр менен элдердин ортосунда гана эмес, бир коомдун ичиндеги этностук топтордун, социалдык катмарлардын ортосунда да жүрөт. Ошондуктан маданий диффузиянын эки тибин ажыратышат: 1) горизонталдык, мында маданий баалуулуктар бир канча этностордун арасында, статусу бирдей топтордун, кишилердин арасында таралат, 2) вертикалдык, маданият социалдык статусу тең эмес субъекттердин ортосунда таралат.

Маданий релятивизм - 20-к. 40-50-жж. чегинде пайда болгон жаңы илимий мектептердин көрүнүктүүсү. Ал европалык этноцентризмге терс мамилени билдирүү катары пайда болгон. Маданий релятивизм маданияттардын өнүгүү деңгээлине карабастан тең укуктуулугун, татаалдыгын жана өзүнчөлүгүн тааныйт. Мекептин өкүлдөрүнүн ою боюнча, ар түрдүү элдердин маданий типтерин салыштырууга болбойт, аларды бирдиктүү масштаб менен өлчөөгө мүмкүн эмес, анткени ар бир маданият бири-бирине салыштырууга болбой турган баалуулуктардын уникалдуу системасы болуп саналат. Ар бир маданият өз чегинде, өзгөчө формалардын жабык системасы катары каралууга тийиш. Маданий релятивизмдин алгачкы идеялары Ф. Боаска таандык. Аны колдоп уланткандар А. Кребер, Р. Бенедикт, М. Херсковиц болушкан. Мелвилл Херсковицти өзгөчө белгилөө зарыл, ал маданий релятивизмди негиздөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Ал мурдагы маданият теориялары тааныган үч детерминанттан: маданият өзгөчөлүктөрүн расисттик түшүндүрүүдөн, географиялык жана экономикалык детерминизмден чечкиндүү баш тарткан. Жалпы маданий-тарыхый процессти ал түрдүү багытта өнүгүп жаткан маданияттардын суммасы катары түшүнгөн. Маданият ал үчүн адам түзгөн жашоо чөйрөсү, ар бир маданият кайталангыс, уникалдуу модель, ал башка элдердин баалуулуктары менен салыштырууга мүмкүн болбогон баалуулуктары бар салттар менен аныкталат. М. Херсковицтин маданий - антропологиялык концепциясынын негизги түшүнүгү инкультурация. Анын түшүнүгү боюнча инкультурация - индивиддин маданияттын конкреттүү формасына аракеттенүү өзгөчөлүктөрүн, жүрүм-турум моделдерин өздөштүрүүсү. Маданий релятивизимдин маңызын ачып көрсөтүп, маданияттын методологиялык, философиялык практикалык аспектилерин ачып көрсөткөн.

Методологиялык аспектиси: маданиятты ошол элдин баалуулуктарынын негизинде таанып билип, баяндап жазуу керек.

Философиялык аспектиси: маданий өнүгүүнүн жолдорунун көптүгүн, маданий-тархый процессти баалоодо көз караштардын көп түрдүү болушун тааныйт. Ал маданий өсүүнүн стадияларынын милдеттүү түрдө эволюциялык алмашуусу болорун жана өнүгүүнүн бир багыты үстөмдүк кыларын жокко чыгарат.

Практикалык аспекти: индустриялык цивилизацияга архаикалык маданияттарды өзүнчөлүгүн сактоо менен тартуу зарыл. Айрым маданияттарды өзүндөй калтыруу керек. Бул идея азыркы мезгилде өтө актуалдуу болууда, анткени өнүгүүдө артта турган элдерге жасалма шарт түзүү алардын деградациясына алып келүүдө.

Маданий релятивизм багытынын өкүлдөрү этнология илиминде төмөндөгүдөй идеяларды негиздешти жана өнүктүрүштү:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)