Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мадалы хан Мадалихан Мухаммед Алихан

Мадалы хан, Мадалихан, Мухаммед Алихан (1807–1840) – 1822–1840-ж. Кокон мамлекетинде бийлик жүргүзгөн хан.

Омор хандын баласы, Нарбото бийдин небереси.

Мадалы хан доору Кокон мамлекетинин саясий-экономикалык абалынын жогорулоо мезгили болгон.

Мамлекеттин аймагы Түштүк Казакстан, Талас, Чүй, Ысыккөл жана Нарын тарапка чейин таркалган.

Тышкы саясатта 1832-ж. Кытай менен келишим түзүлүп, ири ийгиликке жетишкен.

Түндүк Кыргызстанда Пишпек, Токмок (1825), Жумгал, Тогузторо (1830), Куртка (1832) чептери курулган.

Мадалы хан 1824-ж. Чүйгө,1826-ж. Кашкарга жасалган жортуулдарга катышкан.

Бирок, Мадалы хан өмүрүнүн акыркы жылдарында саясий иштерден оолак болуп, көп убактысын оюн-зоокко кетирген.

Бухара эмири Насрулланын колдоосуна ээ болгон ордодогу козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)