Маанаева Доктуркан (Санырабига) (1951–2007) - акын, драматург. Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1951-жылы 24-мартта туулган.
1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1973–1996-жж. Республикабыздын радио уктуруу, телекөрсөтүү жана басма сөз кызматтарында журналисттик кесипте эмгектенип, 1973-жылы Ташкендеги Бүткүл Союздук телерадио кызматкерлеринин адистигин жогорулатуу институтунда окуп кел-ген.
1981-жылы алгачкы «Көгүлтүр таң» пьесасы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында сахналаштырылган.
Акындын бир топ ырларына Мукан Рыскулбеков, Адылбек Кыязов, Кенжегул Мендебаиров сыяктуу обончулар обондорду жазышкан.
1996–2007-жж. Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинен сабак берген.
Экономикалык факультеттердин студенттерине арналган окуу китебинин авторлошу.
2008-жылы «Акындын көгүлтүр таңы» аттуу пьесасы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында коюлган.
1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.