Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Лыжа спорту

Баш барак | Медицина | Лыжа спорту

"Лыжа спорту" — спорттун кеңири таралган массалык түрү. Анын лыжа менен жарышуу, секирүү, тоодон ыкчамдык менен түшүү, туристтик жүрүштөр, лыжа тээп сейилдөө жана башкалар түрлөрү бар. Л. с-нун атайын машыгууларды талап кылган мелдештер өткөрүлүүчү түрлөрүнө лыжада жарышуу, тоо-лыжа спорту, трамплинден секирүү кирет. Ачык абада шаардын сыртында Л. с. менен машыгуу организмдин жалпы абалын жакшыртып, нерв системасын, организмди чыңдоого жардам берет. Лыжа тебүүгө булчуңдардын ар кандай топтору катышып, зат алмашуу процессин, дем алуу, кан айлануу органдарынын ишин жакшыртууга түрткү берет. Л. с. балдарды жана жаштарды дене тарбия жактан даярдоодо, коллективдерде уюштурулган спорттук иштерде жана ар кандай курактагы кишилердин спорт менен машыгуусу үчүн колдонулат.

"Лыжа тебуу" боюнча жакшы макалабызды окуп көрүңүз, ал жакта лыжа кандай болуш керек, кантип тебиш керек жана ушу сыяктуу маалыматтар жазылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1035, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо