Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Лыжа тебуу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Лыжа тебуу

"Лыжа тебуу", ким лыжага ынак болсо, кардуу беттен ылдый зуулдап өтүү же лыжа тээп баратып, кар жамынган токойго суктануу же мээримдүү күн нурларын утурлай лыжа тебүү кандай ырахат экенин жакшы билет. Спорт дүкөнүнө келсеңер ар түрдүү: кууш жана жазы, жеңил жана оор лыжаларды көрөсүңөр. Балдардыкы - эң кичинелери, бирок мектеп окуучулары туристтик же спорттук - чуркоо лыжаларын тандап алганы оң. Жарышуучу лыжаларды мыкты лыжачылар мелдешке чыкканда тебишет. Жарыш жакшы тапталган жолдо 3 чакырымдан 70 чакырымга чейин өткөрүлөт. Too лыжа спортунун лыжалары өзгөчө, алар түрдүү түстөгү пластика менен капталып, металл менен жээктелген, жалтырак кулпу жана бекиткич пружиналары болот. Мындай лыжалар слаломго (бул сөз норвег тилинен которгондо беттеги ийри-буйру из деген сөздү билдирет) жана кары тапталган тоонун баш айландырган тик бетинен ылдый тээп түшүүгө арналган. "Лыжа тебуу" слаломдо мелдеш кыска (100-500 метр), бирок бири-биринен 3,5-4,5 метр аралыкта кызыл, көк жана сары желектер сайылып белгиленген ондогон дарбазаларды аралап өтүүчү ийри-буйру жолдо өткөрүлөт. Тик беттен тездик менен түшүүдө дарбазалар эки үч эсе кең жана алда канча сейрек коюлат, бирок трассанын узундугу 3 чакырымга жана ылдамдык саатына 90 чакырымга жетет, ал тургай ашып да кетет. Tooдо лыжа тебүү мелдешинин үчүнчү түрү - узундугу 1200 метрге чейинки трассадагы слалом-гигант мелдеши. Эң оор лыжа - секирүүдө кийилчү лыжа, бир жубунун салмагы 9 килограммга чейин жетет.

Бул лыжа менен трамплинден секиришет. Спортсмен спорттук аянтчадан күүлөнүүчү бет менен тик ылдый зуулдап, ал бүткөн жерден (бул жер секирүү стол деп аталат) катуу түртүнөт да жогору көздөй алдыга учуп, абада бир топко калкыйт. Секирүүнүн узундугу эңкейиш бетке келип түшкөн жер боюнча аныкталып, спортсмендин чебердигине жана трамплиндин өлчөмүнө байланыштуу болот. Эң чоң трамплинде секирүүнүн узундугу 150мден ашышы мүмкүн, дүйнөлүк эң жогорку жетишкендик - 165м. Токойдо тебилүүчү (аңчылыкта) лыжа да болот. Ал туристтик лыжага окшош, бирок алда канча жазы. Ал эми түндүк элдеринин анчылары жана түрдүү экспедициялардын катышуучулары арымдап басуучу лыжаны пайдаланышат. Мына достор "лыжа тебуу" ушундай кызыктуу. "Лыжа спорту" жөнүндө макалабызды дагы окуп коюңуз.

Сайтка жарнама жайгаштыруу