Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Локарно конференциясы

Локарно конференциясы (1925) – Рейн пактысы жана башка бир катар келишимдердин түзүлүшүнө байланыштуу Бельгия, Улуу Британия, Германия, Италия, Польша, Франция, Чехословакия өкүлдөрүнүн Локарно шаарында (Швейцария) өткөн эл аралык конференциясы. Локарно конференциясынын демилгечилери антисов. максатты көздөп, СССРге каршы Германияны катыштырууга мүмкүн болгон үч жол: түздөн-түз катышуу, өз жери аркылуу аскерлерди өткөрүүгө уруксат берүү, экономикалык санкцияларды колдонуу белгиленген. Бирок Германия өкүлдөрү антисов. иштерге катышууга ачык милдеттенишкен эмес. Анткени алар тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну, башкача айтканда Раппаль келишиминин (1922) негизинде Советтик Союзу менен түзүлгөн мамилени бузбоону ойлошкон. Кол салбоо жана бейтараптуулук жөнүндө совет-герман келишиминин түзүлүшү (1926) Локарно конференциясында сунушталган саясаттын антисоветтик багытын кыйла бошоңдоткон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)